Алтынчы күнү кечинде

Алтынчы күнү кечинде mp3 угуу

Алтынчы күнү кечинде тексти

Ал мезгил менин эсимде,
Али да сонун сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.

Сүйүү оту жанса көзүңдө,
Сүйүнүч турса өзүңдө.
Сабактан бошоп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.

Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Диплом алдың, сөз бердиң,
Алтынчы күнү кечинде.

Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн кезинде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Алтынчы күнү кечинде.

Эстелик

Эстелик mp3 угуу

Эстелик тексти

Сөзү : А.Жакыповдуку

Обону : Х. Азиреткуловдуку
Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн

Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.

Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.

Кайырма:

Тосушуп таңды атарда,
Узатып күндү батарда.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.

Кайырма:

Курбум

Курбум mp3 угуу

Курбум тексти

Сөзү : Сайра Батыркулованыкы

Обону : Баглан Бабижандыкы

Бийигиңе сөз жеткис, аруу жансың ай,
Асылындай асылдын, кубатымсың жан курбум.
Кайрыгындай ушул жакшы ырдын,
Жарык чачып дайыма, жөлөгүмсүң ай,
Тирегиндей бактымдын, жанымдасың жан курбум.
Тартуусундай ушул тагдырдын
Кайырма:
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.Ачып сага бүтүндөй жүрөгүмдү ай,
Тең бөлүшкөн сырдашым, көңүл баккан жан курбум.
Бийик сага сыйым-урматым.
Бакыт берген сезимге балалыктын ай,
Бирге бастык жылдарын бул өмүрдүн жан курбум.
Бир көрөлү дагы жыргалын.

Кайырма:
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.

Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.

Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.

Жаңы жылды тосолу

Жаңы жылды тосолу mp3 угуу

Жаңы жылды тосолу тексти

Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

 

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.

Өрүкзарга кетели

Өрүкзарга кетели mp3 угуу

Сөзү : М.Тураеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу. 

Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.

Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.

Баары сендей

«Баары сендей» mp3  угуу

«Баары сендей» тексти

Сөзү : Тазагүл Закированыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Дербиштей дүйнө кезип,
Көксөгөн жарым кылым.
Кыйырыңа көзүм жетпес,
Бакыттын даамы сендей.

Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.

Өчпөгөн үмүт калып,
Өмүрдүн жылгасында.
Буйрубай кайчы өткөн,
Армандын даамы сендей.

Кайырма:

Төрт мезгил карек салып,
Күн-түнү шыбырт тыңшаар.
Эзилип жол караган,
Күтүүнүн даамы сендей.

Кайырма:

Баргым келет апама

«Баргым келет апама» mp3 угуу

«Баргым келет апама» тексти

Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Талиповдуку
Ар бир жандын аман болсун апасы,
Чексиз бакыт апалардын батасы.
Ойлой берем ишимде да, үйдө да,
Апакемдин болбосо деп капасы.
Арылбаган ырыскынын кемеси,
Ар бир жандын эсен болсун энеси.
Апам барда дүйнө түгөл, баш эсен,
Тоодой кубат жанда жүргөн элеси.
Бакыт балкып, бакта гүлү жайнаган,
Балалыкка булбул кушу сайраган,
Баргым келет, баргым келет апама,
Балтыр бешик бала болуп кайрадан.

Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң?

Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң? mp3 угуу

Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң? тексти

Сөзү : Сагын Акматбекованыкы
Обону : К Эралиеваныкы
Сүрөттөгү сүйкүмдүү жан ким дейсиң?
Унут аны, унут мени сүй дейсиң,
Унутканга дагы ошондой бир сүйүү
Да бир өмүр керектигин билбейсиң.
Отурамын жанымда жок жан адам,
Отурамын караңгыда садагам
Отурамын караңгыда садагам.
Өттү кездер эң учкулдай, эң узак
Өттү кездер көйнөгү чөп көөнү шат
Жапырт өзүн жагып өткөн бир билек
Жарык чачат, караңгылык чогултат
Бүгүн эртең бүтөт кызык баяны,
Отурамын бир кылымдын аягы.
Отурамын бир кылымдын аягы.

Күтөмүн кел, күтөм дейсиң барамын,
Баргым келсе барбасам жок каламын
Жүрөктү угуп, акыл менен иш кылган,
Мен да сендей бир кишимин карагым.
Кангыча да кар менен шаң толтура
Караңгы үйдө а мен жалгыз отурам.

Сагынганда атамды

Сагынганда атамды mp3 угуу

Сагынганда атамды тексти
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Талиповдуку

Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:

Cүйүү керемет

Даниель — Cүйүү керемет mp3

Cүйүү керемет тексти

Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.
Шарактап таң атканча үн басылбай.

Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.
Шарактап таң атканча үн басылбай.

Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.

Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.

Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
Сезилет көл үстүндө бараткандай.

Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
Сезилет көл үстүндө бараткандай.