Бир жигит базарга жумуртка сатканы жөнөдү. Жумуртка салган себетин таягынын башына илип, ийнине арта салып көтөрүп алды. Ошентип жигит жол тартып келатып кыялга алдырып, минтип өзү менен өзү сүйлөшө баштады:

— Мына мен үч жүз жумуртка алып базарга баратам. Булардын ар бирин бир сомдон сатсам үч жүз сом болот, а эгерде жолум болуп эки сомдон сата алсам — алты жүз болот. Ал акчага чоң чочко сатып алам.

Аны мен жарым жыл, жок үч ай бакканымдан кийин татынакай он эки ургаачы торопой тууп берет. Алар бир жыл өткөн соң ар бири он экиден торопой тууйт. Оо! Ошондо канча болот?..

Иши кылса бир короо чочко болот экен. Мен аларга тоют сатып берип убара болуп жүрбөйм. Токойго жайып жалаң тообурчак менен козу карынга семиртем дагы, базарга айдап барып, бир кучак кызылдай пулга сатам.

Анан ал акчага келишкен ак боз айгыр сатып алам. Жуунуп-таранып, жаңы кийимдеримди корооздоно кийинип, ковбой калпагымды далыма кондуруп, тү-үз эле падышанын ак сарайынын алдына атырылта чаап барып, алчактата ары-бери бастырам, ары бери бастырам… Ал эми падышанын эрке кызы ханбийке мени ак сарайдын бийик терезесинен суктана карап туруп, өз кыялындагы жомоктон келген ханзаадасы экенимди түшүнөт.

Анан мен атамды падышага кудалашууга жиберип, көп өтпөй ханбийкеге үйлөнүп, бүт мамлекеттин эрке күйөө баласы болом. Анан ал мага уул төрөп берет.

Атын болсо чоң атасынын урматына Богданчо койом. Ага мен базарга барып алма сатып келем. Уулум алдымдан утурлай чуркап чыгат. Мен: “Кел уулум, Богданчо атаңа кел! Ал сага сонун алмаларды сатып келди, келегой”, -деп аны моминтип кучактайм,- деп өзү менен өзү сүйлөшкүчө ошол учурду элестетип кучагын жая берген экен, ийинине арта салынган таягы колунан ыргып, таяктын башына илинген жумурткалары жерге былч дейтү.

Жигит артына кайрыла берип ыйлап жиберди:

— Апа-а! Бүт байлыгым талкаланды-ы! Үү-үү-үү- аа!..

Ушинтип ыйлап атып ал маңдайына келип калган кишини көрүп уялып кетип сурады:

— Байке, сиз менин артымдан көптөн бери келатасызбы?

— Жана жумурткаңдын акчасына биринчи чочкоңду сатып алгандан бери артыңдан ээрчип келатам…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *