Деңизден алыс кыштакта абдан ач көз жана сараң дыйкан жашаптыр. Бир күнү ал кокос жаңгагын жегиси келип, он рупий алып базарга барып, биринчи эле дүкөнгө кирип сурап турду:

— Кожоюн, кокос жаңгагың канчадан?

— Төрт ан турат (ан – Индиянын майда тыйыны).

— А сен үч ан турган жаңгак кайда сатыларын билбейсиңби?

— Билем, кошуна дүкөндө.

Сараң дыйкан ал жерден да жаңгак сатып алгысы келбеди. Мындан да арзан жаңгак издеп дагы ары жөнөдү. Ошентип бир нече саат бою базарды кыдырып, акыры бир гана ан турган жаңгакты да тапты. Бирок аны да алгысы келбей, бекер жаңгакка ээ болууну ойлоп, сатуучудан сурады:

— Досум, жаңгакты бир андан сатып жатканыңдан кийин, ал бекер берилчү жерди да билсең керек, айтып койчу.

— Билем, — деди сатуучу. – Деңиз жээгине барсаң кокос пальмалары өсүп турат, алардын жаңгактары бекер, каалашыңча үзүп ала бер.

Муну укканда сараң неме абдан сүйүндү. Тигинде бекер жаңгактар өсүп турса, биякта ага акча короткондо не! Деңиз жээгине жүгүрүп жетсе, чын эле пальмаларда жаңгактар салаңдап өсүп туруптур. Алардын бирине тырмышып чыгып, биринчи эле колуна тийген жаңгакты үзмөк болду эле, ал абдан бекем экен. Кандай болбосун жаңгакка ээ болууну көздөгөн дыйкан ары-бери жулкулдатса, бутак өйдө серпилип кеткенде, андан буту тайып, учуп кете жаздады. Дагы жакшы, кармаган жаңгагынан пальмага илинип калды. Жаны оозуна кептелип, эмне кыларды билбей, эки жакты алаңдай караса, жакын жерден пилге минген киши өтүп баратыптыр, жалынып ага кыйкырды:

— Кожоюн, Кудай жалгагыр, мени куткар! Пальмадан аман-эсен түшүрсөң, өлүп кетейин, он рупий төлөп берем!

Пилчен киши буга макул болуп, пилин пальманын алдына бастырып келди эле, ага дыйкандын буту жетпеди. Ошондо кожоюн пилдин үстүнө тура калып дыйканды түшүрмөкчү болду. Ал ордунан туруп дыйканды жаңы эле кармаганда, акылсыз жаныбар жөн турбай басып кетсе болобу, кожоюн дыйканды кучактаган бойдон абада асылып калды.  Жерди карап жүрөгү түшкөн кожоюн эми дыйканга жалбарды:

— Суранам сенден, Кудай үчүн, жаңгакты коё бере көрбө! Бул үчүн мен сага он миң рупий төлөп берем!

Муну укканда дыйкан аз жерден акылдан айнып кала жаздады. “Он миң рупийге мындай жаңгактын жүз миңи келет! Анда эмнеге мен жарыбаган бир жалгыз жаңгакты кармап турам?” — деген ой башына келери менен манжалары өзүнөн-өзү жазылып кетти. Бийик пальмадан жарыша кулаганда дыйкан жерге биринчи тийип, арка мойну астында калды. Пилчинин ажалы жок экен, дыйкандын үстүнө түшүп аман калды.

Мына ач көздүк кайда алып барат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак38
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Ач көздүк эмнеге алып барат: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *