АДАМ КАНТИП КАРЫШКЫРДЫ ЖЕҢГЕНИ

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Отунга барган бир абышка карышкырга кармалып калган экен. Карышкыр ачка болгондуктан дароо эле чалды жемек болот.

–  Өлүмгө даярдан, келмеңди келтир,–  деди бөрү ыркырай берип жаланып.

–  Макул. Өлөр алдында табытымдын үстүнө коюлчу шамдарды ченеп кесип койоюн, куйругуңду берип тур,–   деди абышка кууланып.

–  Мейли,–  деди карышкыр курмандыгынын өзүнөн кутула албасына ишенип.–  Бирок тезирек кыймылда!

Абышка карышкырдын артына өтүп алган соң, куйругун толгоп, таягы менен бөрүнү өкүртө сабай баштады.

Акыры карышкырдын куйругу үзүлүп, ал артын карабай качып жөнөдү. Адамга алдатып ыза болуп калган кашабаң мындай чыгып озондоп улуй баштады. Муну уккан бөрүлөрдүн үйүрү заматта жетип келишип, абышканы курчап калышты. Ал эптеп карагайга чыга качып кутулду. Бирок карышкырлар аны айлана курчап кете турган өңдөнбөдү. Алар абышканы кантип ооздоруна тийгизүүнү көпкө ойлонуп, акыры биринин үстүнө бири чыгып ага жетмек болушту. Бир гана биринчи ким туруп берип, ким баардыгын көтөрүп турат, а ким абышкага биринчи жетип тиш салат деген маселени чече албай турушту. Акыры баягы абышкадан таяк жеген бөрү биринчи турууга макул болуп, калгандары анын үстүнө чыгып отуруп, акыры жете турган болушту. Ал эми карышкырлардын эң үстүнө чыгып, өзүнө биринчи тиш салмакчы болгон бөрүгө абышка мындай деди:

–  Эй бөрү аке, баарынын үстүнө чыкканыңа караганда булардын эң кыйыны өзүң окшойсуң. Мен тигилердин таландысына калгандан көрө сендей көк жалга гана жем болгум келет. Ошон үчүн сен өзүң жалгыз ушул жерден эле мени жеп салбайсыңбы, туруп берейин, бирок менин бир өтүнүчүм бар эле, ошону аткар,–  деди.

–  Кандай өтүнүч, айта сал!–  деди абышканы жалгыз жегиси келген өзүмчүлдүгү кармаган кашабаң.

–  Өлөр алдымда табытыма коюлчу шамдарды сенин куйругуң менен ченеп кесип алайынчы.

Карышкыр макул болуп, куйругун абышка жакка бурганда ал аны так түбүнөн кесип алып, кыйкырыкты катуу салып, ылдый карай ыргытты.

–  Эй жанагы менден келтек жеп куйругу үзүлгөн карышкыр мына сенин куйругуң!

Муну укканда карышкырлардын эң алдында турган бөрү куйрукту карай умтулганда, карышкырлардын баары кулап түшүп, артын карабай туш келди качып жөнөштү. Ошондон бери карышкырлардын моюну бир моюн болуп бурулбай калган дешет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.