Каркыра менен түлкү Бир күнү Каркыра уясына келип, чөптүн арасына катып койгон жумурткасын таппай калат. Ары чуркап, бери чуркап жүрүп кошуналарынан аны Түлкү жеп кеткенин угат. Каркыра ачууланып, ач Түлкүдөн ... Толук окуу
Карышкыр менен түлкү аудиосун угуу Карышкыр менен түлкү токойдо жортуп келатышты. Түлкү тузакка алдооч катары илинген казды көрдү. Ал ачка болчу, бирок казга тийсе тузакка түшөрүн түшүнүп, катуу тамшанды. Муну ... Толук окуу
Бир кезде төө менен кумурска биринин тилин бири жакшы билишчү экен. Көк жалбыракка чоң тоюп алган төө кумурсканы шылдыңдаптыр: 168 ‒ Эй, шордуу! Эмнеге мынча жанталашасың? Айланаңды карачы, баары чачылып ... Толук окуу
Аудиоcун угуу Жомоктун тексти сүрөттөрү менен Илгери илгери токойлордун биринде, кичинекей жыгач үйдө бир эчки улактары менен жашаган экен. Эчки токойго тамак издеп көп кетчү экен, улактарына минтип айтчу экен: "Эч кимге эшикти ачпагыла, токойдо ач карышкыр аралап жүрөт". Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт: Кичинекей улактарым, балдарым!Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,Сүт алып ... Толук окуу
Те илгери ит менен мышык, ал тугай мышык менен чычкан да чырдашпаган заман болуптур. Оболу кеп адамда экен: кожоюн бир күнү иттин ишенимдүүлүгүнө ыраазы болот да, анын короочулугуна ыраазычылык билдирип, ... Толук окуу
Те илгери нелер гана болбогон! Айбандар Башмыйзамга ээ болгулары келет. Ким кимге башчылык кылуусу керектигин аныктап, алар да адам сыягы жашамак болушат. Ошентип Башмыйзам токуп бер дешип, Теңирге кайрылышат. Теңир ... Толук окуу
Илгери өткөн заманда бир абышка, кемпирдин Айгерим жана Арген деген балдары болуптур. Алар өтө тентек, ата энесин да, бири-бирин да укпаган бейбаш жана ынтымагы жок балдар экен. Бир күнү алар ... Толук окуу
Эки чычкан узак жылдар бою курбу-курдаш болгон экен. Бири тоодо, бири мунара башында жашаптыр. Бирок экөө бири-бириникинде мейманда болбоптур. Тоодо жашаган чычкандыкында ун, талкан, эт-май толо, а мунара башында жашаган ... Толук окуу
Мекиян жана короз болуптур. Мекиян жумуртка тууп, короз жем ташып, тоокко жапакеч экен. Ал дайым жем чукуп тапканда мекиянды чакырчу дейт: – Ко-ко-ко, үрпөк баш, жем таптым! Анын бу жолку ... Толук окуу
Зор өлкөдө Бача аттуу зобололуу падыша жашаптыр. Бир күнү ал көңүл жубатууну каалап, кең жайык жерди тандатып, укмуштуудай чоң той өткөрөт. Шаан-шөкөткө миң-миңдеген меймандар чакырылат. Ошол миңдеген адамдардын оозунан чубурган ... Толук окуу
Аю менен чиркей аудиосун угуу Дөбөдөй болгон чоң аю муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч бир жазыгы жок байкушту кулагынан чойгулап кыйнайт. Өлүмгө жеткирбесе да эсин оодарганга чейин алпарат. Ошондо ... Толук окуу
Ит менен карышкыр токойдон жолугуп калышат. Карышкыр ошол жерден итти кежигеден тиштеп, үңкүргө сүйрөп жөнөйт. – Карышкыр, мени жегенде эмне? – дейт кыңкыстаган ит, – жүрү андан көрө адамдардын үлпөт ... Толук окуу
Күкүк менен зейнеп аудиосун угуу Илгери-илгери бир куш жыгачтын башына уя салып, эки балапан чыгарат. Ал балапандардын биринин аты – Күкүк, экинчисинин аты – Зейнеп экен. Балапандар бат эле чоңоюп, ... Толук окуу
Мергенчи бир күнү кажырлуу капканды койду да, жанына көз кызартар чоң кесим этти таштап кетти. Эттин жытын сезген ач түлкү шимшилеп жүгүрүп келип, этти жейин дейт, бирок ойлонот: «Йе, бул ... Толук окуу
Бир күнү делдең бөжөк жолдон бир ууч арпа таап алды. Алгач сактангандай акырын жыттап келип бир-экөөнү ирмеп чайнап көрдү. «Бах» деп тамшанды ширесин соруп. Анан өзүн кармай албай ары-бери кайсап ... Толук окуу
Тоонун чокусунда бачиги менен жаткан түлкү ойдуңдагы алоолонгон өрттү тиктеп, жалындын илебине өзү кошо күйүп аткансып күйпөлөктөгөнүн көргөн бачик энесинен сурайт: – Биякта туруп сиз эмне болуп атасыз? – Ойдуңдагы ... Толук окуу
Илгери-илгери бир көп балалуу абышка-кемпир болгон экен. Бирок алардын балдарынын улам бири жерден боорун көтөрө электе эле чымчык жандары учуп кете берет. Тагдырдын башка салганына көнбөскө чара барбы? Ошентип, кайгыга ... Толук окуу
Королдун кулак кужурун кандырар жомокчусу болуптур. Ал дайыма королго укмуштай окуяларды баяндачу экен. Король да жомок укмайын уктабаган адат тааптыр. Жаздыкка баш коёру менен жомокчусун чакыртчу экен. Ал бир күнү ... Толук окуу
Болгонбу, болбогонбу, айтор, жомок мындай экен: жөргөмүш менен безгек кезигип, экөө саякатка чыгат. Жол жүрүп чарчашат. Эс алмакка жүзүмдүн кароолчусу жашаган алачыкка токтошот. – Мындан ары жүралбайм, чарчадым. Шаар да ... Толук окуу
Жапалак үкү көңүлү шат учуп барат. Учуп барат, учуп баратып конот. Куйругун жайкайт, оң жагын, сол жагын каранат. Кайра учат. Учуп, кайра конот. Куйругун жайкайт, эки жагын каранат. Кайрадан учуп ... Толук окуу
Айбанаттар жана жаныбарлар жөнүндө жомоктор фольклордо өзгөчө орунду ээлейт, анткени алар адамдык мүнөздүн бардык белгилерин көргөзүүгө жардам берет.
Бул жомоктор — адамдар өзүнүн ыйманын көрө турган күзгү. Айбанаттар тууралуу жомоктор элдик тамсилдер менен тамырлаш, алар түпкүлүгү бир эле жаныбарлар.
Мындай чыгармаларда айрым учурда айбандар менен бирге адамдар да катыша берет, бул болсо адам менен табияттын жакындыгынын көрсөткүчү.
Байыркы мезгилден тартып, соңку кылымдарга чейин эле кыргыздар аңчылык менен күн көрүп, ар кандай жаныбарлардын кулк-мүнөзүн, кебете-кешпирин жакшы байкашкан, ошол байкоолорун жомоктордо пайдаланган.
Айбанаттар тууралуу жомоктордо туруктуу образдар кездешет. Мисалы, түлкү — куу, митайым болсо, карышкыр — ичкич, жегич, каардуу, коён — коркок, сагызган — сүйлөөк, алдамчы ж. б.
Жаныбарлар жөнүндөгү жомоктор баланы табият, жапайы жаныбарлар дүйнөсү, алардын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, жашоо образы, атүгүл кээ бирлери этияттык менен мамиле кылганда кандай коркунуч туудурары жөнүндө түшүнүк берет.
Бул бөлүмдө ар кандай жаштагы балдарды кызыктырган жаныбарлар жөнүндө жомоктордун кеңири жыйнагы берилген.
Таранчы деген досок жокко
Крокодил
Көк ит
Кулку жомок жакты дагы жомоктор барбы?
https://kyrgyz-audio.com/jomoktor/
бул бетте чыгып турат жомоктор
Ооба бар
Мага дакты чоонн рахмат
Буркут менен кур бака деген жомоктк тап бере аласбы