Арстан күчүгүн асыраган мышык
Алтын шакек
Таранчы менен түлкү
Көнөчөк кийген түлкү
Мүнүшкөр
Айбанаттар жана жаныбарлар жөнүндө жомоктор фольклордо өзгөчө орунду ээлейт, анткени алар адамдык мүнөздүн бардык белгилерин көргөзүүгө жардам берет.
Бул жомоктор — адамдар өзүнүн ыйманын көрө турган күзгү. Айбанаттар тууралуу жомоктор элдик тамсилдер менен тамырлаш, алар түпкүлүгү бир эле жаныбарлар.
Мындай чыгармаларда айрым учурда айбандар менен бирге адамдар да катыша берет, бул болсо адам менен табияттын жакындыгынын көрсөткүчү.
Байыркы мезгилден тартып, соңку кылымдарга чейин эле кыргыздар аңчылык менен күн көрүп, ар кандай жаныбарлардын кулк-мүнөзүн, кебете-кешпирин жакшы байкашкан, ошол байкоолорун жомоктордо пайдаланган.
Айбанаттар тууралуу жомоктордо туруктуу образдар кездешет. Мисалы, түлкү — куу, митайым болсо, карышкыр — ичкич, жегич, каардуу, коён — коркок, сагызган — сүйлөөк, алдамчы ж. б.
Жаныбарлар жөнүндөгү жомоктор баланы табият, жапайы жаныбарлар дүйнөсү, алардын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, жашоо образы, атүгүл кээ бирлери этияттык менен мамиле кылганда кандай коркунуч туудурары жөнүндө түшүнүк берет.
Бул бөлүмдө ар кандай жаштагы балдарды кызыктырган жаныбарлар жөнүндө жомоктордун кеңири жыйнагы берилген.
Жарабайт
Ат жонундо жомок