Ата Журт дегенде биз ата конуш, туулуп-өскөн жер,
Ата Мекен сыяктуу түшүнүктөрдү билебиз. Ал ‒ эзелтен
ата-бабабыз жашап өткөн жерди туюндурат.
Мамлекет үй-бүлөдөн куралган сымал, Ата Журт да ар
бир адамдын туулуп-өскөн жеринен, башкача айтканда,
кичи ата мекенинен түзүлөт.
Ар бириңер өз жериңердин чырпыгын ат кылып минип,
түркүн гүлдөрүн терип, көпөлөгүн кууп чоңоюп жатасыңар.

Көйкөлгөн көк шиберине оонап, түркүн куштарынын кубул-
жута сайраганына кулак төшөп, курсант болосуңар. Тоо-
токоюна, ташына, жылдыздуу асманына суктанасыңар.

Туулган жердин кымбаттыгын, асылдыгын айтып түгөтө ал-
байсыңар! «Туулган жердин топурагы ‒ алтын» ‒ деп беке-
ринен айтылбаса керек.

«Ата конуш» аталганы ‒ сенин атаң да ошол жерден ага-
рып-көгөргөн. Ата жолун баласы улантат, ошентип, муун-
дардын өз ара байланышы үзүлбөйт.

Кыргыздарды Орто Азиядагы эң байыркы элдерден деп
жүрүшөт. Аны тарыхтагы маалыматтар, далилдер ырастап
келет. Ошол байыркы баатыр кыргыз элинин ыйык журту ‒
аскасы асман тиреген касиеттүү Ала-Тоо!
Ак мөңгүлүү Ала-Тообуз көзгө сүйкүм, жүрөккө кымбат.
Эзелтеден эле Ала-Тоого көз арткан душман көп болгон.

Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз 2

Бирок баатыр Манас бабабыз баш болуп, көптөгөн
баатырларыбыз, жоокер кыргыз эли өз Ата Журту үчүн жан
аябай салгылашып, сандаган жоонун күлүн көккө сапырган.
Ата Журтун көздүн карегиндей сактап келишкен.

Душмандардын баскынчылык согуштарынын кесепети-
нен ар кандай тагдырга дуушар болгон кыргыз эли жыйыр-
ма жылдан бери эгемендүү эркин өлкө катары өз алдынча

түтүн булата баштады.

Улуттук белгилери ‒ Туу, Гимн жана Гербге ээ болду. Мам-
лекетибиз ‒ Кыргыз Республикасы аталды. Эгемен Кыргыз

Республикасында сексенге жакын ар түрдүү улуттун өкүл-
дөрү «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» ынты-
мактуу жашап жатышат.

Адамдын бир гана Ата Мекени бар! Аны көздүн карегин-
дей ыйык сактап, сүйүп, даңазасын арттыруу ‒ ар бирибиз-
дин парзыбыз.

Ата Журтубуз эмне себептен Ала-Тоо аталып калган?

Кыргызстандын аймагынын көп бөлүгүн тоолор ээлеп ту-
рат. Бөксө тоолор жана улуу тоолор, башынан мөңгү кет-
пеген бийик тоо кыркалары алда кайдан шаңкайып көзгө

көрүнөт. Айрым тоо чокулары жай мезгилинде күңгөй жагы-
нан кары эригендиктен ала-телек тартып калат. Бир жери

ак, бир жери кара. Ошол себептүү Ала-Тоо деп аталган.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак38
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз: 6 комментарий

  1. Аноним:02.03.2023 в 19:31
    Мага абдан жакты Рахмат чон жазганыныздар учун

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *