Алдар Көсө келе жатса үстү-башын жүн баскан, адам десе адам эмес, айбан десе айбан эмес бир неме алдынан чыкты. Алдар Көсө: «Кимсин?»-деп сурады эле: Жин-шайтан дегенди уктун беле, ошол мен болом» -деди. Алдар Көсө: «Укканым бар, мага жолдош бол эки киши бирге басканда кол кыскарат дечү эле. —
деп ээрчитип алып, жүрүп отурду.

Келе жатып шайтан кой башындай алтын таап алды да: «Мен таптым, бөлүп алалы » -деди. Көсө: «Жалгыз мен алам» деп макул болбой койду. Шайтан: «Эмесе, жарышып чыкканыбыз
алалы», — деди. Жарышып шайтан чыгып келсе, Көсө:
«Мен бир жерде буйдалып калсам, чыгып кеттиң», —
деп дагы болбой койду.

Шайтан: «Эми эмне кылалы? — деп сураса, Көсө: «Кимибиз жаш жагынан улуу болсок ошонубуз алалы», деди. Шайтан бул шартка да макул болду. Кезекти биринчи Көсө алып, шайтандан: «Кайсы убакта туулдун эле? — деп сурады. Ага шайтан: «Жер бүтө электе, ай аяктай, тоо томуктай, күн
куроктой экенинде төрөлгөмүн», — деп жооп берди.

Аны укканда Көсө өнгүреп ыйлап кирди. Шайтан:
«Эмне ыйлайсың? – деди эле: «Так сен төрөлгөн убакта
менин алты жашар балам өлүп калган, ошого ыйлап
жатам», — деди. Анда шайтан: «Эмесе, сен улуу экенсин», — деп, алтынды ага берип, Көсөдөн коркуп качып кетиптир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки45
Алия менен жылкы44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Нооруз жөнүндө жомок17
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *