Жан дүйнөмдү сага арнадым, жаным,
Жанымдын жыргалы өзүңсүң.
Ак сүйүүмдү сага арнаймын, жаным,
Келсеңчи сагынтпай өзүмдү.
Кайырма:
Сагынып сагынычтан мен кусага батамын,
Жаным деп айткандан тажабайм.
Эңсейм сенин өзүңдү,
Көргүм келет көзүңдү,
Жанды кыйнап жалгыздатат кусалык.
Жанымда турсаңчы жайдары, жаным,
Ачылып көңүлүм кубанат.
Назданасың мээримиң төгүп, жаным,
Ашыгым, арнаймын өзүмдү.
Кайырма:
Ашык болуп сага умтуламын, жаным,
Кабыл алчы, сенден суранам.
Сенсиз жашай албайм, түшүнсөң, жаным,
Арбалып өзүңө тартылам.
Алмаз Шаадаев — Жанымай тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 23858
Сонун ыр экен
Чын
Мен кичинекей кезимен бери ырдап журдум эсимде калыптыр
Мага бул ыр ото жакты
Мага бул ыр ото жакты
Аябай жакты жакшы ыр
Мага оло жакты
Ыйлагын келет экен
Соонун мага жагат
Мне очень нравится это песня она мне напоминает о моем прошломАлмаз Шадаев только вперед