АР КИМ ӨЗҮНӨ ТИЙИШТҮҮСҮН АЛДЫ

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
14

Бир кембагал жолоочу абышка сапар тартып  келатты. Күн батып, түн жамынып калгандыктан жакын жердеги үйлөрдүн бирине суранып, түнөп кетүүнү чечти. Чоң үйдүн терезесин черткилеп:

— Түнөгөнгө уруксат бекен?- деди.

Байдын аялы чыгып аңкылдап, кыйкырып калды.

— Азыр итти бошотом! Дегеле түнөгүчүн көр! Жогол көзүмө көрүнбөй!

Жолоочу андан ары жолун улады. Келатып эски кичинекей үйдү көрдү. Терезесин черткилеп:

— Түнөгөнгө уруксат бекен?- деди.

— Келиңиз, кириңиз! Бирок менин үйүм тар, нааразы болбо, — деди сыпайы.

Абышка үйгө кирип: анын жакыр жашаарын, көп балалуу экенин, балдары эски жыртылган кийимчен жүргөнүн көрдү.

— Эмнеге балдарың жыртылган кийим кийип жүрүшөт? Эмне үчүн аларга жаңы көйнөк тигип бербейсиң? — деп сурады.

— Каяктан? Күйөм болсо каза болуп калган. Балдарды жалгыз багып келатам. Бирине тартсаң бирине жетпейт. Анан каяктагы көйнөктү тигем!.. Жада калса нанга тыйын жок.

Жолоочу үндөбөй угуп отурду. Үй ээси болгон тамагын столго коюп:

— Кел, биз менен кечки тамакты ич! — деди.

Абышка:

— Жок, кардым ток. Жана шам-шум этип өзөк жалгап алгам, — деп куржунун ачып, жей турган тамак-ашын балдарга берип, өзү уйкуга камынды.

Абышка таң заардан туруп, үй ээсине ыраазычылыгын билдирип кетип атып:

— Эртең менен баштаганыңды кечке чейин кыласың!- деди.

Аял абышканын айтканына түшүнбөй, сөзүнө маани бербеди. Узатып келип отуруп, ойлоно кетти:

«Ушул кембагал чал менин балдарымдын жыртык кийимин айтып атса, башкалар эмнени айтпайт!»

Болгон калдык кездемеден бир балама болсо да көйнөк тигип берейин деп чечти. Кездемени ченегенге аршин[1] сураганы бай кошунасына жөнөдү. Келери менен кездемени ченеп баштады. Ченеген сайын кездеме узара берди. Аягы көрүнбөйт, күн уясына батканда гана ченеп бүттү. Эми өзүнө да, балдарына да өмүр бою кийим тигип кийгенге жетет. Абышканын сөзүн эстеп, маанисин эми түшүндү.

Кечинде бай кошунасынан алган ченегичин жеткирип барып, болгонун болгондой, жолоочунун айткан сөзүнөн түгөнгүс кездемелүү болгонун айтат.

Кошунасы:

«Каап, эмнеге мен жолоочуну үйгө түнөтпөдүм экен!- деп ойлонуп, кызматчысына кыйкырды:

— Эй, малай! Атыңды токуп, арабаны кошуп, абышканын артынан жөнө! Кайдан болсо да таап кел! Кедейлерге кол сунуп жардам бериш керектигин сага дайым айтып келем го!

Малай дароо жөнөдү. Жолоочуну кийинки күнү араң кууп жетти. Бирок абышка артка кайткысы келбеди. Малай кайгырып:

— Оо, каран күн! Мени менен барбасаң жумушумдан кол жууйм, айлык акымды бербейт…

— Кайгырба, барса барайын!- деди абышка. Арабага отуруп жөнөп кетти. Бай аял чыдамсыздык менен күтүп, абышкага ийилип учурашып, жаркылдап-жайнап тосуп алды. Курсагын тойгузуп, жылуу жумшак төшөгүн салып берип:

— Жакшы жатып, жай туруңуз, чоң ата!- деди. Абышка бир күн түнөдү, эки күн түнөдү, үчүнчү күнү дагы түнөдү. Тамак ичет, уктайт, тамекисин түтөтөт. Бай аял болгон даамдуу тамагы менен сыйлап, жылуу сөздөрдү айтып, ичинен жини келип: «Бул алжыган чал качан үйүмдөн жоголот» деп, же кууп чыга албайт, коркот. Ушунча мээнеттин баары текке кетип кур жалак калбайбы эми.

Төртүнчү күнү абышка үй ээсин кубантып, таң эрте жолго камынды. Аял узатып чыкты, жолоочу үндөбөдү. Дарбазадан чыгып, дагы унчукпады. Акыры чыдабай кетип абышкага:

— Айтып койчу, бүгүн эмне кылайын?

Жолоочу аялга карап мындай деди:

— Эртең менен баштаганыңды кечке чейин кыласың!

Сүйүнүп үйүнө чуркап кирип, ченегичин колго алып, кездемени ченеп баштаарда — ушундай катуу чүчкүрдү дейсин! Жада калса короодогу тооктор чочуганынан ар тарапка качышты.

Ал келээрден кечке токтолбостон:

— Ап-чхи, Ап-чхи, Ап-чхи!

Эч нерсе иче албай, эч нерсе жей албай, жооп бере албай:

— Ап-чхи! Ап-чхи!Ап-чхи!- деп чүчкүргөнү күн уясына батып, караңгы киргенде гана басылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.