Аю менен чиркей аудиосун угуу

Аю менен чиркей 2

Дөбөдөй болгон чоң аю муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч бир  жазыгы  жок  байкушту  кулагынан  чойгулап  кыйнайт.  Өлүмгө жеткирбесе да эсин оодарганга чейин алпарат. Ошондо коен капаланып:

— Кулак  жазылар,  көздүн  жашы  кургар,  бирок  ушунча  кордук көрө турган  эмне  жазыгым  бар!  Аю  токойдогу  аңдардын  чоңу,  күчтүүсү, карышкыр менен түлкү араларынан кыл өтпөгөн ысык достор.  Эми мен кимге корголойм? — деп арман кылат өзүнчө.

Ошол убакта калың камыштын ичинен:

— Мага  корголо! — деген  абдан эле ичке  үн  чың  эте  түштү.

Коен көзүнүн кыйыгынан караса, үн чыгарган чиркей экен.

— Ушу сен бекен мени коргой алчу?  Аю  аңдардын  чоңу,  күчтүүсү,  сен болсо чиймийген чиркейсиң. Сенин колуңдан эмне келет?

— О, жолуң болгур! Мен ага уйку бербей, тынчын кетиргенге жараймын. Ошону билбейсиңби?

Жайдын  ысыгында  токойдо  жортуп  жүргөн  аю  жанын  коер жер  таппады.  Тынчы  кетип,  бүлдүркөндүн  жалбырагынын  үстүнө  дем алайын  деп  жатса,  кулагынын  түбүнөн  ызың-ң,  ызың-ң-ң  деген  дабыш чыгат.  Аю  чиркейдин  дабышын  угуп,  дароо тааныйт. 

Аю менен чиркей 3

Чиркей  аюнун  мурдуна конуп,  каңылжарына  кирип  кетет.  Аю  чыдабай  күчүнүн бардыгынча таманы менен мурдун ургулап, жерге ооналактап эси оойт. Дыңылдаган  чиркейдин  үнү  кулагынан  кетпейт.  Аю  андан  жүрөксүп коркуп,  «эми  кай  жериме  конор  экен»  деп  уктамыш  болуп, козголбой тыңшап  калат.  Аюнун  бут  жагында  ызылдап  жүргөн чиркей  бир  кезде  ың-жың дабышы жок болуп кетет.

«Чиркей  учуп  кетти  го»  деп  ойлоп  турганда,  ал аюнун кулагынын түбүнө  шап коно  калып,  «тыз»  эттире чагып алат.  Аюнун  көзүнөн  от чагышып  кокуйлап,  ордунан  ыргып  турат.  Оң  таманы  менен  кулагын кагып: «Жеди эле жеди! Бу кандай жаны бек неме?!» деп өңкөлөңдөп качып жөнөдү.

Чиркей  токойду  кыдырып,  бутак-бадалдарды  койбой  тинтип, дыңылдап аюнун артынан түштү. «Зың-ң-ң — ызың-ң-ң» деген чиркейдин үнү аюнун алапайын таптырбайт.

Жүгүрүп  отуруп  бир  жерге  келгенде  алы  кеткен  аю  эс  алгысы келип,  башын  бадалга  сүйөп  уктап  кетип,  түш  көрөт.  Түшүндө  токойдун ичинен аарынын уюгун таап алат. Аарынын уюгундагы балга колун сала берерде  «зың-ң-ң — зың-ң-ң»  деген  үндү  дагы  угат.  Баягы  чиркей  аюну дагы кууп жөнөйт. Көзү умачтай ачылат. Аю улам  жан  талашып  качып  баратса  да  чиркей артынан сая кууйт.

Аю менен чиркей 4

Эң кокую — ызылдап,  ызылдап  келип  кайрадан  жымжырт  боло  калат десең.  Аю шектенгендей тыңшап туруп, жаңгак жыгачынын түбүнө жашырынат. Бир аздан  соң  кыйналган  шордуу  көзүн  жуумп  үргүлөп  кетет.  Бирок ызылдаган чиркей мурдагыдай  эле  аюнун  жанын  жай  алдырбай  таң  атып,  күн чыкты.  Уйпаланып,  түктүйүп  уктабай  сенделип  келатса,  чиркейдин ызылдаган үнү аюнун кулагына дагы угулду. Ал селт эте түштү.

Алыстан байкап турган коён чиркейге:

— Жарайсың,  кайраным! — деп  көзүнүн  жашы  чыкканча  күлүп, ыраазы болуп отурган экен.

Чиркей болсо аюга:

— Коендун  күйөөрү  жок  деп  ойлогонсуң  го.  Эми,  баатыр  акеси,буга кордук көрсөткөнүңдү койгунуң, уктуңбу?! Мунуңду койбосоң, айлаңды гана кетирем. Тытынып жүрүп өлөсүң! — деп коркутуп «ызылдап»учуп кеткен экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Аю менен чиркей: 9 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *