Биздин кыштакта ушунчалык сараң поп-атакебиз бар эле. Ал пайда табуу менен чыгым болбоону гана ойлончу. Күз келип, эгин чабык менен түшүм жыйноонун учуру келип, жери көп поп-атакебиз үч батракты жалдады. Таң атары менен поп батрактарды ойготуп тамактандыра баштады.

Батрактар апылдата тамак жегенин көргөн поп ыйык санаган  башын чайкап ойго батты: “Булар азыр тамак көрбөгөндөй жеп атышат, түштө да ушундай сукулдашат, ал эми булар түштөнүш үчүн талаадан келгиче канча убакыт өтөт, эгер талаага тамак алып барсак, аттар  чарчайт. Андан көрө түшкү тамагын азыр эле берип салайын”,– деп дароо эле кемпирине түшкү тамакты берип кутулууга буйрук берди.

А мужуктарга эмне, оңдонуп отурушуп кайрадан апылдатып киришти. Ал эми поп кайрадан ойго батты.

– Кемпир, бер кечки тамагыңды, мужуктар кечке чейин алаксыбай иштешсин!

Ошентип кечки тамак да алдыга келди. Бирок жегендери кокосуна жеткен батрактар жей албай калышты. Буга поп ого бетер сүйүнүп кетти:

–  Андан бетер жакшы, бул тамакты эртең эртең менен беребиз.

Бирок батрактар башкача ойдо экен, тамак желип бүтөрү менен бирөө чалкасынан түшүп, ошол жерден эле оозун чоң ачып эстеп уйкуга баш койсо, экинчиси үстөлдүн алдына сойлоп кирди, үчүнчүсү болсо уктоочу бөлмөнү карай басып баратып:

– Рахмат кожоюн, меймандостугуңа! Курсак ток болсо адам жакшы уктайт.

– Эмне дейсиң? Кандайча жакшы уктайсың? А ким иштейт, менби?!

– Биз иштейбиз, бирок эртең…

– Кандайча эртең? Таң жаңы эле атты го…

– Биз деген азыр эле кечки тамакты ичтик, а кечки тамактан кийин жатып эс алыш керек. Ар биринин өз учуру болот…

Поп айтарга сөз таппай калды. Анан ал ач көздөнөм деп атып өзүн өзү алдаганын түшүндү.  Ал эми биз калп айткан жокпуз,  ишенбесеңер поптукуна барып карасаңар, дагы эле үч мужук үч  жерде коңурукту кош тартып, токпейил уктап жатканын көрөсүңөр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы41
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *