Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.
Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.
Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Нарындан жазган салам кат тексти, Бакыт Шатенов
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 40565
Ыр аралашко
Ката жок
Ката бул эмес
Сонун
Тамаша
Соонун