«Колундагы барга шүгүр кылбасан, береке калбайт»

Илгери-илгери бир заманда алыскы бир өлкөдө кембагал үй-бүлө жашаптыр. Алардын эч нерсеси жок болчу. Жери түгүл, бир бөлмөлүү үйү да жок эле. Жайкысын талаага эле жатып алышчу. Кышкысын болсо, бош калган чоочун уйлөргө баш калкалашчу экен.

Күндөрдүн биринде бир куш өзүн кууп келе жаткан бүркүттөн качып, ошол кембагалдар баш калкалаган жерге учуп кириптир. Жубайлар бүркүттү кубалап кетиришип, берки кушка болсо жем берип курсагын тойгузушат. Кушту сылап-сыйпап жакшы көрүшөт, куш дагы бул жакшылыктарына ыраазы болуп, аларга:

— Силер мени өлүмдөн куткардынар. Эгер менден силерге кандайдыр жардам керек болуп калса, алаканыңарды үч жолу чапкыла. Мен угаар замат силерге келе калам. Каалоонорду орундатам,- деп айтат да, анан учуп кетет.

Куш кеткенден кийин жубайлар аябай ойлонушат. Анан алар куштан баардык каалоолорун суранууну туура көрүшөт.

Алгач андан короосу кенен чон уй сурашат. Куш бул каалоосун дароо орундатат. Жубайлар биринчи күндөрү өздөрүн аябай бактылуу сезишет. Убакыт өткен сайын бул үй тардай сезиле баштайт. Анан аялы күйөөсүнө:

— Кожоюн, мен кенен чоң сарайыбыз болушун каалап турам. Ичинде кызматчылар, ар бирибиздин белмөбүз болсо, дейт.

Анан экөө муну кушка айтышат. Куш жубайлардын бул каалоосун да орундатат.

Чынында куштун тартуулаган сарайы ушунчалык керемет болот. Тим эле көрген адамдын кез жоосун алат. Ичинде көп кызматчылары болуп, алар тынбай ары-бери чуркап иштей башташат.

Алгачкы күндөрдүн баары сонун отуп жаткан эле. Бирок
күн өткөн сайын жубайлар андан да тажай башташат. Күйөөсү аялына:

— Биз ушундай ак сарайда жашап жатып, көп байлыгыбыз бар болуп туруп, анан эмнеге падыша жана ханыша эмеспиз?

Кушту чакыралы, ал бизди падыша жана ханышага айлантсын,- дейт.

Жубайлар кушка каалоолорун айтып бүтө электе эле айлананы капкара булут каптап кирет. Анан куш аябай ачуу үнү менен:

— Аттин, силер берилген байлыкты колдоно алган жоксуңар! Мындай жыргал жашоого татыктуу боло албадынар! — дейт да, көздөн кайым болуп кетет. Баягы байлыктын баардыгы биринин артынан бири көздөн кайым болот.

Ал эми жубайлар болсо, мурдагы жакыр абалында, эски кийимдери, жетээр-жетпес тамак-аштары менен калышкан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз жомок17

Барга көппөй, жокко чөкпөй жашоо — Ач көздүктүн арты: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *