Бек Борбиев мен сени сагынган бойдон жүрөм mp3 угуу

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
15

Бек Борбиев мен сени сагынган бойдон жүрөм тексти

Көп элес өчпөстөн эсте баары,

Көңүлдүн калса да бөксө жагы.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Мезгилдер карматпай өтсө дагы.

Жүрөктүн буйругу башкачабы,

Жүрсө да тагдырдын канча тагы.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Жашынып жаштыгым калса дагы.

Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска,

Өткөнгө өкүнүч кылабыз да.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Баладай багынбай убакытка.

Жыргатпай бул турмуш сонунуна,

Жылдарды койсо да орунуна.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Тумардай тагынып моюнума.

Бек Борбиев мен сени сагынган бойдон жүрөм караоке

Бек Борбиев мен сени сагынган бойдон жүрөм клип

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.