Жылан менен кишинин арбашы

Илгери- илгери бир дыйкан болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. “Эмне болду экен?”- деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет. Читать далее Жылан менен кишинин арбашы

Отунчу падыша

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп “эки бакыр, бир тукур” болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен жылаңач- жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.

Султаналы үй- бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн “өлбөс оокат, чыкпас жан” дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен. Читать далее Отунчу падыша

Сыйкырдуу сака

Илгери- илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.

Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир. Читать далее Сыйкырдуу сака

Камыр балбан

Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир- чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: “Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы” деп арманын айтып, тышка, чыгат.
Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир- чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл “жоо келе жатабы” деп качат экен. Читать далее Камыр балбан

Айлакер бала

Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: «Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?» дейт. Анда бала: «Атым — Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет» дейт.


— Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон? Читать далее Айлакер бала

Акыл Карачач

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

— Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин,- деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

Читать далее Акыл Карачач

Жетим бала

Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок. Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат. Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал жерде үч киши отурат. Бала:

Читать далее Жетим бала

Макоо карышкыр

Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып:

— Мен сени жейм, — дейт.

— Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, анын үстүнө карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир кызым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу — дейт эчки.

Читать далее Макоо карышкыр

Куйругун жазалаган түлкү

Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат. Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат.

Читать далее Куйругун жазалаган түлкү