Жер үстүндө жаныбарлар менен адам пайда болгон те илгери экен бу. Жан-жаныбарлардын ар бири өз ордун билиши керек болот.

– Сен, Балык, суу түбүндө жашайсың.

– Сен, Жөргөмүш, күнү да, түнү да желе токуйсуң.

– Сен, Карышкыр, жаныбарларды коркутуп токойдо жашайсың.

– Сен Арстан, баарынан күчтүүсүң, андыктан жаныбарлардын падышасы болосуң.

Акыл менен куулуктуу кай жаныбарга беришти баары ойлонуп калышат.

Акыл менен куулукту Адамга бериш керек, – дейт Арстан. – Анткени күч мага берилген соң, Адамды башкаруу колуман келбей коймокпу!

Ошентип ар биринин өз орду аныкталат. Жаныбарлар бир күнү токойдо чогулуш кылышат. Окус, бир жактан балтанын үнү угулат. Карашса, Адам токой кыйып атыптыр.

– Ушул биринчи Адамга өз күчүмдү көрсөтүп койгудаймын, – ырылдаган Арстан, – азыр мен муну жейм! – дейт.

Адамдын буга күлкүсү келет абыдан.

– Эй, ырысы жок Адам, эмне мынча ыржаңдайсың?! Мен сени жегени келдим!

– Сен аңкоо болсоң күлөм да. Мен сага жардам бергени келсем, а сен мени жегиң бар. Билесиңби, сен баарынан алдуу-күчтүүсүң, андыктан душмандарың көп болот. Алар сага катылар болсо, сенин баш калкалар жайың болуш керек. Ансыз соо коюшпайт сени, ошон үчүн сага атайы жай камдайын, – дедим.

– Мен муну билген эмесмин, – дейт Арстан. – Мейлиң анда, мен үчүн кам көрө бер.

Адам өз ишин улай берет. Чоң бир капас жасайт.

– Жан-жаныбарлардын падышасы, мына сен үчүн кылган аракетим, – дейт да Арстанды капаска ээрчитип кирет.

Арстан капаска киргенден кийин сурайт:

– Не дейсиң, мен көрүнбөй калат бекемин?

– Куйругуңду тарт ары, ошондо көрүнбөй каласың, – дейт Адам.

Арстан куйругун тартаары менен Адам капастын каалгасын шарт жабат.

– Жан-жаныбарлардын падышасы, эгер акылың болбосо, жалаң кара күч эмне экенин көрдүңбү эми?

Арстан Адамдан жеңилгенин ошондо түшүнөт. Ырылдаган Арстан жаныбарларды жардамга чакырат, бирок алардын баары туш-тушка дыркырап качышат.

– Жан-жаныбарлардын падышасы Арстанды ушул күнгө туш кылган Адам бизди да соо коёбу, – деп арттарын карабаган бойдон кетишет.

Адамдан жаныбарлардын баары ошондон кийин коркуп калышыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки45
Алия менен жылкы44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *