Карышкырдын камкордугу

Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы – Коргон, кичүү баласыныкы – Болгон экен. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет.

Читать далее Карышкырдын камкордугу

Дөөтү уста менен ителги

Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.

Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, — деди ал шакирттерине, — эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар». Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен. Читать далее Дөөтү уста менен ителги

Алданган бүркүт

Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат.

Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү бир-эки секирүү менен эки чычканды кармап жеп курсагын кампайтып эми өзү күнгө кактанып жатканда аркы дөңгө чыга келген бүркүтчү дароо түлкүнү көрүп, колундагы бүркүтүн коё берет. Читать далее Алданган бүркүт

Жылан менен кишинин арбашы

Илгери- илгери бир дыйкан болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. “Эмне болду экен?”- деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет. Читать далее Жылан менен кишинин арбашы

Макоо карышкыр

Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып:

— Мен сени жейм, — дейт.

— Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, анын үстүнө карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир кызым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу — дейт эчки.

Читать далее Макоо карышкыр

Куйругун жазалаган түлкү

Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат. Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат.

Читать далее Куйругун жазалаган түлкү

Арстан менен коен

Калың токойдун четиндеги карагандуу жерде бир коен жашап, коркоктугунан казып алган ийнинен алыс чыкчу эмес. Бир күнү: “Коркуп ийинде жата берип, кантип күн көрөм?.. Атасынын көрү, баатыр болоюн”,- деп ойлоду да, ошол замат ийинден чыкты. Эки жагын каранып тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп, так алдында турган арстанды көрө койду да жыгачтай катып калды. Арстан коендун жанына келип:

Аудиосун угуу

Читать далее Арстан менен коен

Өнөрү бар мышык

Өткөн заманда Сулайман аттуу бай адам жашап, анын жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы уулуна кеп акыл айтып, кеңеш берсе, уулу кулак какпайт. Акыры бул чоңоюп жеткенден кийин, атасы атайлап чакырып, минтип айтты:
— Балам, мен карыдым, өлерүме аз калды. Сенин жалгыз жүргенүң болбойт. Өз көзүм керүп өтсүн: элжуртту аралап, жакшысын тандап жүрүп, бир колукту тап. Бирок
Читать далее Өнөрү бар мышык

Алтын куш

Кайдадыр бир кедей абышка болуп, анын жалгыз уулу жана жалгыз түп алмасы бар экен. Ал алманын эн, башына жалгыз кызыл алма мөмөлөп, ар жылы бышкан сайын абышка ошону жеп, жашарып турчу. Кийин эрте күздө жакшы быша элек алмасын белгисиз бөлөк бир нерсе жеп кетет. Андан кийинки жылы чалдын өзү кайтарып жүрүп, бир күнү уктап калып, дагы жедирип жиберет: үчүнчү жылы кемпирине кайтартат. Кемпири түн ортосуна чейин карап жатып, таңга маал уктап калып, алманы дагы жедирди.
Читать далее Алтын куш