Жалгыз уя

Жалгыз уя mp3 угуу

Жалгыз уя тексти

Жасап алып ак сүйүүнүн уясын,
Ал даракта неге жалгыз турасың?
Суу жетпеген куурап калган даракта,
Өмүр бою кантип оокат кыласың?

Кайырма:
Канча жолу кел деп ырдап, сыздадым?
Канча жолу акыл айттым, укпадың.
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып учпадың.

Жалгызсырап эстейсиңби өткөндү?
Жаман болду сүйүүбүздүн өчкөнү.
Чагылгандай бир жарк этип көрүнүп,
Же жамгырдай бир себелеп өтсөмбү?

Кайырма:

Сага барчу тор тосулган жолума,
Түшүп калгам башка адамдын колуна.
Сага окшоп уя жасап алганмын,
Бүчүрү бар бир дарактын бооруна.

Майрамбек Осмонов «Сезим»

Майрамбек Осмонов «Сезим» mp3 угуу

Майрамбек Осмонов «Сезим» тексти

Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү
Бул сезим аба-суудай керек дедим.

Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам.
Билемин сенден бөлөк дары жогун.

Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көздү албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым жароокерим жамалыңды…