Илгери-илгери дейт, адамдар узак өмүр сүргөн доордо ыргалган токойго жакын айылда бир жакыр бүлө жашаптыр. Алар үч жан экен – чоң ата, ата, небере. Чоң ата ал-күчтөн тайыса да жүз жаштын чайын ичип, дайыма баласы менен небересине далай-далай канбулоон согуш окуялары менен узун өмүрдө көргөн-билгендерин баяндап отурчу экен. Жана да укмуштуу уламыш-жомокторду жобурап бергенин небереси кунт коюп тыңшачу дешет.

Бир күнү кудай уруп, абышка өз баласына ашка жүк, башка жүк көрүнүп, баласы андан кантип кутулуштун айласын изде, анан ал өз уулуна кобурайт:

– Мен күнүнө болгону бир песо[1] табам. Ал акчанын жарымын чоң атаңа коротууга туура келет, бирок чоң атаңдан сокур тыйын пайда жок. Кел, экөөбүз эртең анын колу-бутун таңып, чытырман токойго таштап келебиз.

– Жарайт, ата, – уулу да көнөт буга.

Экөө эртеси абышканын колу-бутун таңып, коюу токойдун арасында калтырат да, үйлөрүнө кайтышат.

Экөө бир аз узаганда уулу атасын жеңден тартат:

– Токточу, мен аргамжыны таштап коюптурмун.

– Сага эмнеге кереги бар? – атасы таңгалат.

– Ал мага керек болот, сен да картаясың, ошондо өз атаңдай кылып сени да чытырман токойго жеткирем да, – дейт уулу.

– Ту-уй, ата! Ушинтип айтат белең, балам! Жүр, эртерек барып атабызды үйгө алып жөнөйлү, – дейт уялган атасы.

Экөө артты карай шашып-үшүп жөнөйт, ошондон тарта абышканын карлыгын баласы кеп кылгыс болуптур.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Чоң ата менен небере”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *