Илгери-илгери колуна алган нерсеси колунан түшкөн, тамак ичсе оозуна жетпей ыргыган ченде жок эпсиз,  эби жок адам жашаптыр. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, канча аракет кылса да ал адаттан арыла албайт.  Барган жерин бүлүнтүп, жүргөн жерин жүдөтүп жүргөндүктөн ал адамды эч ким жумушка да албайт.

Жумушсуз,  ачка калган күндөрү көбөйө баштаганда ойлойт. “Кой, минтип жүрсөм бул жактан ачкадан өлчүдөймүн, жер которуп сырымды билбеген элге барып оокат кылайын”.

Ошентип эби жок адам жолго чыгат.  Улам бир элге токтоп, сыры билингенде андан ары жол тартып бара берет, бара берет. Ошентип бел ашып, чөл кезип, көрбөгөн эли,  жүрбөгөн жери калбай, акыры кургак жер да түгөнүп, чоң океандын жээгине чейин жетиптир. 

Ал жерден жөнөп жаткан кемеге жармашып, тагдырын океандын ары жагынан издеп сапарга чыгат. Бир нече күндөн кийин катуу бороонго туш болуп,  тоодой толкундарга чыдабай ал бараткан кеме чамындыга айланат.

Кемедеги толгон элден эби жок адам менен дагы эки адам тирүү калып,  толкун менен бир аралга сүрүлүп чыгышат.  Жээкке чыгар замат жарым жылаңач, өңдөрү майланган өтүктөй жалтырашкан аралдын тургундары тегеректеп кармап алышып, кооз канаттардан таажы кийген падышасына жеткизишет.

  Алар адамдын этин жеп көнгөн эл болот. Бактыга жараша, ал күн алардын курсактары ток кезине туура келиптир.  Капканга түшкөн чычкан менен ойногон мышыктай болуп, падыша бир аз көңүл ачкысы келгенде колго түшкөн адамдарды эрмектемей адаты бар экен.

Баягы үчөөнү туш тарабында эч жылчыгы жок, дубалдары, полу, шыбы бекем цементтей катуу ылай менен шыбалган, жылмакай кутуга окшогон үч бөлмөгө камап, колдоруна ар бирине үчтөн талкаланган кемеден чыгарып алышкан темир шариктерди тапшырат.

“Таң аткыча ушул үч шарикти пайдаланып,  падышабызды таң калтырып, күлдүрө алган адам тирүү калат, өнөрүңөр жакпаса тамак болгонуңар”,- деп тапшырма берип, бөлмөлөрдү сыртынан бекитип коюшат.

Таң да атат. Падыша жан жөкөрлөрүн ээрчитип биринчи бөлмөгө кирсе, андагы отурган киши акробат экен,  үч шарик менен оңбогондой тездик менен ыргытып шумдук оюн көрсөтөт. Падыша башын чайкайт, себеби мындай оюнду мындан мурунку туткундар эчен ирет көрсөтүшкөн эле.  Кийинки бөлмөдөгү адам өлкөсүндө билльярд боюнча чемпион экен. 

Кудай буйурса аман калдым го деп, үч шарикти бири-бирине кагыштырып урганда шариктер бөлмөнүн ичинде көзгө илешбей бир топко чейин ары-бери жүгүрүп барып токтойт.  Падыша башын чайкап жактырбайт.  Себеби андайдын да далайын көргөн.

Падыша баягы биздин эби жоктун бөлмөсүнө келсе ал байкуш унчукпайт жер карайт.

— Кана, өнөрүңдү көрсөт, — десе:

— Кечирип коюңуз, менин көрсөтө турган өнөрүм жок,  түндө бир шарикти жоготуп жибердим, бир шарикти болсо сындырып алдым, эми мени жей бергиле, — деп шалбырайт.

Падыша жылчыксыз бөлмөнү айланта карап, бул кишинин шарикти кантип, кайда жоготконуна башы жетпей, барскандап сындыра албай турган темир шарикти кантип сындырганына таң калып,  үңкүйүп отурган тигинин кебетесин көрүп боору эзилгиче күлөт.

Убактысы келип, ичкен суусу түгөнбөсө ажалың да жетпейт тура, өмүрүндө эби жоктугунун пайдасы биринчи ирет тийип,  өмүрү сакталып, аман калып, картайганча ошол аралда падышанын жанында жыргап-куунап жашап өткөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *