«Эгер эмгек кылсаң, анда сен кыйынчылыкты жана кедейликти жоёсун»

Илгери-илгери бир заманда эмгекчил адам жашаптыр. Бирок ал тапкан акчасына аран курсагын тойгузчу экен. Анын кылган иши тоодон отун алып келип, аны элге сатып оокат кылчу экен.

Ошентип ал адаттагыдай эле бир күнү кайрадан отун алганы токойго барат. Отун кыйып жатса кулагына кызыктай үндөр угула берет. Ал укмаксанга салып отунун кыя берет.

Бирок отунчу кайрадан бул үндөрдү уга бериптир. Алгач аябай коркуптур. Ал эмненин үнү экенин билиш үчүн, ошол үн чыккан тарапка карай басат. Бир аз баскандан кийин бир эмен дарагынын түбүндө бирөө отургандай сезилет. Акырын ал отурган караандын жанына барат. Отурган караанды көрөөрү менен коркунучу тарап кетет. Анткени ал отурган адам ушундай келишкен, татынакай кыз экен.

Отунчу кызга карап:

— Сен кимсиң? Атың ким?-деп суроо берет.

Кыз болсо:

— Сен мени тааныбайсын. Бирок мен сени тааныймын. Мен сенин бактыңмын. Сен бутагын кескен дарактын астында көп акчалар бар. Аларды сен алгын. Алар сенин улушун Эмгегиндин акыбети кайтты, — дейт.

Отунчу чочуп кетип:

— Эмне дейсин? Кайдагы акчалар?- деп сурайт.

Кыз отунчуга аёолуу карап:

— Ал акчалардын баары сеники. Коркпой эле ала бер. Анткени, сен көп жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жатасын. Эми сенин көп акчан бар. Ал, ала бергин. Бул акчалар менен каалаган ишинди бүтүрөсүң,-дейт.

Отунчу кайрадан кыйып жаткан дарактын түбүнө келет да,бүт акчаларды топтоп, баштыгына салып, үйүн көздөй жөнөйт. Үйүнө барганда ал аялына болгон окуянын баарын текпей-чачпай айтып берет. Аялы болсо, такыр ишенбей коёт.

Мына ушинтип отунчу менен аялынын жашоосу оңолуп, кыйынчылыктан акырындап чыга башташат. Алардын жашоосунун өзгөрүлгөндүгүн айланасындагы кошуналарынын баары байкашат.

Албетте кошуналары: «Колунда жок бул кедей адамдар мындай көп акчаны кыска аралыкта кайдан табышты?.. » деп ойлошот да, кедейге келишип:

— Бул акчаны кайдан таптынар? — деп сурашат.

Отунчу аларга токойго отунга барганда ал жактан өз бактысы менен сүйлөшкөнүн айтат. Муну айылдын эң жалкоосу» деп таанылган кошунасы да угуп калат. Жалкоо адам дароо «өз бактысын» издеп токойго жөнөйт.

Токойго барып алып «өз бактысын» күтүп отурат. Бир маалда анын алдына кийимдери кир жана жыртык болгон, түрү суук, карыган жез кемпир чыга келет. Жалкоо коркуп кетип:

— Сен менин бактымсынбы? Кебе тең кантет ай?- дейт.

Жез кемпир такыр калыбын бузбастан:

— Сен кимди кутуп жаттың эле? Такыр эмгектенбей, иштебей туруп, анан келишкен сулуу бакытты кантип күтүп жатасың? Алгач сен иштегин, эмгек кылгын, анан келишкен сулуу бакытты тиле!-дейт.

Жалкоо «иште» деген сөздү укканда эле кырдан ылдый зуу коюп качып жөнөйт.

Мына ушинтип бул жалкоо адам жашоосунун аягына чейин жалкоолугунун айынан эч нерсеге жетише албай, кедей жана ачка жашап өтүп кеткен экен.

Ал эми эмгекчил кедей адам болсо, бактылуу жашоодо эч кыйынчылыксыз жашап өтүптүр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Эмгекчил болуу — Иштерман отунчу”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *