«Иштегенин биз үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн»

Бар экен, жок экен, илгери-илгери бир заманда бир токойдо бактылуу айбанаттар жашаптыр. Кайсы бир жазда бул токойдо өтө катуу кургакчылык болгон экен. Жайды-жайлай бир тамчы жамгыр дагы жер бетине түшпөптур.

Токойдогу жаныбарлар мындай кургакчылыктан аябай кыйналышат. Акыры чыдабаган айбанаттар буга бир айла табуу максатында бир жерге чогулушат.

Ошентип өз ара сүйлөшүп отурушуп арасынан бирөөсү кудук казууну сунуш кылат. Бул сунушту ишке ашыруу үчүн баары кудук казганга киришишет.

Мына ушинтип баары жапа тырмак кудук каза башташат. Бирок ал жерде жашаган бир коён: «Мен али кичинекеймин» деп иштебей коёт.

Анын минтип айтканына иштеп жаткан жаныбарлар аябай кыжыры келет.

Убакыт өтуп жаныбарлардын мээнети текке кетпей алар казган кудуктан мупмуздак суу чыгат. Буга баары кубанып, суусундары канганча ичишет жана ал сууга жуунушат.

Ал эми жалкоолук кылып кудук казгандан качкан коенго болсо такыр суу бербей коюшат экен. Токойдун падышасы болгон арстан жалкоо коёндун кудукка келип суу ичпеши учун кудуктун башына мөөнөт менен кароолчу коюп кайтартып коёт.

Бул нерсеге аябай капа болгон коен кетирген катасын тушунөт. Бирок баары кеч болуп калган эле. Ошондой кундөрдун биринде бир куну тундөсу кудукту кaйтapyy мөөнөту пилге келип жетет.

Коён пилди аябай жакшы көрөт болчу Ал: «Мен аны жакшы көрөм го… Эч ким көрбөй турганда мага бир ууртам суу берээр» деген ой менен пилге барат.

Ал барган кезде пил кызуу уктап жаткан болот. Коен пилди ойготуу учун аябай аракет кылат. Бирок пил аябай катуу уктап жаткандыктан аны такыр ойгото албай коет. Акыры коен чыдабай кулагына катуу кыйкырып жиберет.

Пил катуу чочуп кетет да, кудуктун айланасындагы кумду шилей жыгылат. Ал жердеги кум таш-топурагы менен баары кудукка тушуп, кудуктун оозу жабылып калат. Буга пил аябай капаланып: «Мунун баары менин айымдан болду. Эми эмне ичебиз? Башка жаныбарларга мен эмне деймин?» деп ыйлай баштайт. Коен болсо ага кайрылып:

— Анчалык кайгырып ыйлай бербечи. Албетте бир жолун табабыз. Мына экөөбуз иштесек тан атканга чейин кудукту тазалап коёбуз, — дейт. Муну угуп ыйлаганын токтоткон пил коёнго кайрылып:

— А сен кандай кичинекейсин? Анан дагы да арыксын. Иштей албайсын го? — дейт.

Ал эми коен болсо ага:

— Пил досум! Азыр мени карап тур! Кандай гана иштээр экенмин! — деп колуна курөк алып, кудукту каза баштайт. Ошентип коён ушунчалык катуу иштептир дейсинер… Алар пил экөө таң атканча кудуктун оозун тазалап коюшат экен.

Эртеси куну пил баардык жаныбарларга коёндун иштеге нин жана кудукту кантип тазалап койгонун айтып бериптир. Пилдин сөзүн уккан жаныбарлардын баары коёндун кужурмендугуне аябай тан калышат. Анан баары коёнго кудуктан суу ичкенине уруксат беришет. Ал аябай кубанат. Чынында коен жаныбарлар ага суу ичкенине уруксат берилгенине эле эмес, башка жаныбарлар менен кайрадан достошконуна да аябай кубанган экен.  

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы51
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу кыз жомок31
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок26
Кырк калп жомок25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок16
Карышкыр менен эчки16

Эмгекчил болуу — Амалкер коён: 6 комментарий

  1. Бундан дагы жаныраак жомоктор болсо жакшы болмок бирок жомок аябай жакты эгер жаны жомок ойлоп тапсаныздар мага созсуз кабарлап койгула телефон номерим0220934696

    1. «Күжүрмөндүгүнө» деген сөз ката болуп калыптыр. Негизи жомок жакшы экен 4-6 жаштагы балдарга жомоктор барбы болсо ошол жашына карап бөлүп койсонуздар түшүнүктүү болот. Иштериниздерге ийгилик жана рахмат.

  2. «Күжүрмөндүгүнө» деген сөз ката болуп калыптыр. Негизи жомок жакшы экен 4-6 жаштагы балдарга жомоктор барбы болсо ошол жашына карап бөлүп койсонуздар түшүнүктүү болот. Иштериниздерге ийгилик жана рахмат.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *