«Алсыздыктан амалкөй болгуча, күчтүү жана айбаттуу бол»

Илгери-илгери бир отунчу болуптур. Ал бир күнү токойго отунга барат. Отун терип жүрүп колу-буту жок мунжу түлкүнү көрөт. Өз оюнда: «Байкуштун буту да колу да жок мунжу экен. Бул абалы менен кантип тамак таап жейт болду экен?» — деп ойлонот. Анан аны бир топко чейин карап отурат.

Ангыча ары жактан бир арстан жейренди кармап келип, дарактын түбүнө келип тапкан олжосун тойгончо жеди да, калганын таштап кетип калат. Аны баятан бери карап жаткан түлкү акырын басып келип, арстандан калган олжону тытмалап жей баштайт. Муну көргөн отунчу: «Мына кызык! Ырыскы Өзү келет деген ушул тура. Мунжу түлкү ушинтип курсагын тойгузса, анда мен деле ырыскымды кутуп жата берейин» — деп ойлонуп, дарактын түбүнө барып, жатып алат.

Ошентип отунчу дарактын түбүндө көпкө чейин жата берет экен. Бирок анын жанына эч ким келбей коет. Ары оонайт, бери оонайт. Бир да жан жанына басып келбейт. Кечке жаткан отунчунун курсагы ачат. Ичи кулдурап, алсырай баштайт. Мына ушинтип жатып бир маалда уктап кетет. Анан уктап жатып, тушундө ак сакалдуу, жүзү нурлуу бир карыяны кирет. Ал карыя:

— Эй жалкоо, киши! Сен өзүндү алсыз, мунжу түлкүгө тенебе! Ал байкушка окшоп, ар кимдин кешигин жебегин. Сенин колун, бутун жана бүт тулку боюн аман-эсен туруп кантип жатасын? Жалкоолук кылбай иштегин! Эгер иштесен алсыздыктан арыласын! — деп катуу эскертет.

Мына ушундан кийин отунчу чочуп ойгонуп кетет. Ал ойгонсо эле түшү экен. Анан түшүн эстейт да, карыянын айтканын туура кабыл алып, ушул жатканы туура эмес экенин түшүнөт.

Ордунан козголуп, бүт күчүн топтоп иштөөнү ойлой баштайт. Эми мындан кийин жатпай иштеп жан багууну көздөйт.

Көрсө жашоодо чаалыкпай иштесен гана ырыскы келет тура…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *