Караңгы кирип, жолдо сандалган соодагер жакын жердеги айылдын тратториясына бурулат. Соодагер товар ташыган сандыгын бурчка коюп, кожейкесине тамак ырастоону буюрат.

Кожейке чочконун майына жумуртканы куурумак болуп кухняга жөнөйт. Очокко от тамызат. Ой-санаасы удургуйт: «Мунун сандыгынын ичинде не балээ бар?»

Жумурткалар чырылдап куурулуп атат, куураган кожейке болсо өзүнчө күбүрөнөт: «Соодагер сандыгын бурчка койгондо – пол титиреди го, чиркин. Ичинде тири укмуштар толо окшойт».

Бышкан жумуртканы соодагердин алдына жылдырат да, көздөрү сандыктан өтөт. «Бу сандыктын ичи толо береке окшойт! Бири бел кур сатып алса, даа бири куруна таралга сатып алаар. Ичи толо товарлар көрүнгөндүн колуна тарайт эми. Агер ошонун баары бир эле колго буюрсачы… Мисалы, меникине!»

Бул учурда соодагер жумуртканы жеп болуп, табактын түбүн нан менен сыдырып жалмады да, отурган ордунда көзү илинип кетет.

Кожейке болсо күйөөсүнө тызылдап жетип шыбырайт:

– Эй, агер сен билген болсоң, тетигил сандыктын ичинде не гана жок! Үстү-башыңды бир сыйра жаңыртканга жетмек! А меникин мейли, айтпайле кой! Мен го көйнөгүмдү жаңыртып алмакмын! Соодагер өзү кетип, а сандыгы калсын үчүн не кылсак экен?

– Эң жакшысын айтайынбы, не кылыш керек? – дейт күйөөсү. – Эс эңгиретме чөптөн демдеп куюп бериң. Аны бир ууртаган кишинин эси эңгирей түшөт. Соодагерге аны ичирсең, сандыгын унутуп кетет. Ал анан бизге калат.

Муну уккан катыны сүйүнбөй коймокпу. Шып жөнөйт. Барып эс эңгиретме чөптөн үзөт. Чайнекке демдейт. Тундурмасын шарапка үч жолу тамызат. А соодагер болсо ордунда кош коңурук тартып жатат. Аны кожейке түрткүлөп ойготот:

– Йе, синьор, кечирип коюң, – дейт. – Сизге шарап апкелдим.

– Мен сизге шарап заказ берген эмесмин, – дейт таңыркаган соодагер.

– Биздин тратториядагы шарт ушундай, – деп чебелектейт, – жумуртка заказ кылган мейманга шарап бекер.

– Ох-хо, силердики жыргал экен! – ыраазы болгон соодагер шарапты кулкулдатып жутуп жиберет.

Анан ал ордунан оңдонуп оодарылат да, кош коңуругун баштайт.

Кожоюн менен кожейке да жатат, бирок уйкулары качат. Санаалары менен байып, түнү бою шыбырашып жатышат. Үрүл таңда гана экөөнүн көзү илинип кетет. Күн чакчайган кезде ордуларынан секирип турушат. Уктап калышыптыр. Кожейке туруп эле соодагер жаткан бөлмөгө баш багат. Туруп кетиптир. Мына анан көрүп ал, күйөөсүнө наалып баштайт:

– Алдагы көңдөй башыңа чыккан чач агарганга чейин акыл кирбеди го саа. Аркимдин айтканына ишенген жеткен кеңкелессиң! Эс эңгиреткен чөбүңдү көрдүм! Сандык жок, соодагер калтырбаптыр анысын!

– Сандыгын ала кетсе да мүмкүн андан башка деле бирдеңкесин унутуп койгондур, жакшылап караң. Чөп соо койбойт болчу аны. Эсин эңгиретмек, – дейт олжодон үмүткөр эри.

– Кандай укпаган немесиң?! Калбаптыр дейм эчтеңкеси! – Аңкылдап берет катыны.

– Мүмкүн эмес! Чөп кошулган шарапты шыпкан ичкен болсо, сөзсүз эсин эңгиретмек, – ишенимдүү сүйлөйт эри.

Катыны өз башын өзү койгулайт:

– Ооба, так сен айткандай болуптур!

– Ошо да, мен айткандай болмок, – дейт өзүнө өзү курсант эри. – А эмнесин унутуп кетиптир?

– Эмнесин унутмак эле?! Жеген тамагы менен түнөп кеткени үчүн акыны төлөбөй кетиптир! – деген экен чаңырган кожейке.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *