Хабба жана Муга аттуу эки көпөс бирге соода жүргүзүп, шериктеш боло башташат. Алар бир жолу шаарды карай келатып, жолдон ичинде миң динары бар капчык таап алышат. Айланадан жок жоготкон эч кимди көрбөгөн алар акчаны эмне кыларды билбей турушканда дароо эле ач көздүгү кармап, шеригин алдамай болгон Хабба мындай дейт:

— Азырынча биздин акчабыз бар, бирок кайсы бир күнү ага зарыл болуп калышыбыз мүмкүн, ошон үчүн табылгабызды тээтигил жоон дарактын түбүн оюп катып коёлу да, качан керек болгондо алып кетели.

— Мейли, сен айткандай болсун, — дейт ичинде арамдыгы жок Муга.

Алар Хабба айткандай кылып акчаны дарак түбүнө катышып, үйлөрүнө кайтышты. Бирок  арам ойлуу Хабба кайра келип, акчаны казып алды да, аны жалгыз өзүнө ыйгарып койду.

Бир ай өткөндөн кийин экөөнүн кайсы бир товарды сатып алганга акчалары жетпей, дарак түбүнө катылган миң динарды алмай болушту. Экөө ошол күнү дарак түбүн казып, акчаны таппаган соң бири-биринен көрүп жакалаша кетишет. Күнөөнү шеригине үйгөндөн тартынган Муга “балким биз көмүп жатканда бөлөк бирөөлөр көрүп койгондур” деген ойго келип:

— Ал ансыз деле биздин акчабыз эмес болчу, өзү берген Кудай өзү алыптыр, эми мейли. Экөөбүз азыр жоголгон акча үчүн мушташсак элге шерменде болобуз, ошон үчүн эсибизге келели, бирок мен сага ишенбей калдым, экинчи иштешпейм, — деп Хаббаны коё берип жолуна түштү. Шеригинин оңой багынып бергенине ичинен кымыңдаган Хабба даракты айлана баса берип, анын боорундагы адам баткыдай оюкту көрүп, бир ойдон улам кайрадан ач көздүгү кармады.

Ошонун эртеси Хабба Муга аттуу шериги бак түбүнө катылган миң динарын алып койгонун айтып сотко арызданды.

— Шеригиңдин акчаны алып койгонун кантип далилдейсиң? – деп сурады сот.

— Таксыр сот, акчанын дарактын түбүнө катылганын бир гана ошол шеригим билчү, бул биринчиден, экинчиден болсо менин муну далилдөөчү күбөм бар, — деди Хабба ишенимдүү.

— Күбөң ким болсо да ээрчите келбейт белең, – деди сот.

— Ээрчитип келет элем, ал баса албайт, — деди Хабба айласы кеткендей.

— Баса албаган кандай күбө экен ал? – таңгала сурады сот.

— Анткени ал ошол менин акчам түбүнө катылган дарак. Ал мага шеригим акчамды уурдаганын сурабасам деле өзү айтып бергени үчүн сизге келип отурам, — деди Хабба.

Дарактын сүйлөбөсүнө ишенген кыраакы сот бул жерде кандайдыр куулук катылганын туюп, Хаббанын сөзүнө ишенимиш болуп, дароо эле жасоолдоруна Муганы алып шаар сыртына чыгууну буюруп, өзү Хаббаны ээрчитип ошол жакка жөнөдү.

Көп өтпөй сот эки шериктин чыры боюнча даракка кайрылып турду:

— Кана дарагым айтчы, Хаббанын акчасын мына бул киши уурдады беле?

— Ооба, ушул уурдаган, — деген жооп дарактан угулганда Хаббадан башка бул жердегилер чочуп кетишти. Бат эле өзүнө келип бир нерсени аңдай калган сот дароо Мугага кайрылып:

— Сен шеригиңдин акчасын уурдаганың үчүн үч жылга абакка кесилесиң! – деп өкүм чыгара сүйлөгөнүндө ак жерден торго чалынганын билген Муга акчаны албаганын айтып карганып жиберди.

— Алган эмесмин деп жатпайбы? — деген сот даракка жакындап барып сураганда, дарактан кайра эле жооп угулду:

— Алган, алган!

Кыраакы сот дарактын боорундагы оюк кабыктар менен билинбегидей кылып капталганын байкап обочодо көзү алайып турган Мугага кайрылды:

— Албаганың чын болсо, сага жалаа жаап жатышса, анда чуркап келип даракты мына бул жерге катуу теп, болбосо кылмышты мойнуңа илем! — дегенде коркуп кеткен Мугга карманып тура албай, соттун буйругун аткарганда, катуу соккудан дарактын боорун жапкан кабык жарылып, ары жактагы оюкка жашырылган Хаббанын атасы көрүнө түштү.

Ошентип алдамчылыгынын бети ачылган Хабба Мугага миң динар төлөп бергени аз келгенсип, мыйзам алдында миң динар айыпка да жыгылды.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки45
Алия менен жылкы44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *