ЧАБАЛЕКЕЙДИН КУЙРУГУ ЭМНЕГЕ ЭКИ АЧАКЕЙ БОЛУП КАЛГАН

Илгери-илгери дүйнө жүзүн Айдахар деген коркунучтуу жылан башкарчу экен. Эки жүздүү чиркей ага кызмат кылат.

Жылан чиркейди өзүнө чакырып:

— Дүйнө жүзүн кыдырып учуп, болгон кыбыраган жандыктын канын татып, кимдики даамду экенин кайтып келип айтасың. Кимди көргөзсөң ошону жеп турам, — деди.

Читать далее ЧАБАЛЕКЕЙДИН КУЙРУГУ ЭМНЕГЕ ЭКИ АЧАКЕЙ БОЛУП КАЛГАН

АЛДАР-КӨСӨӨ МЕНЕН ЖЭЭРЕНЧЕ

Жээренче дагы бир жолу жолукканда Алдар-Көсөө жүзгө таяп калган эле. Ал мындайча болду: Жээренче айылдын четиндеги дөбөдө отурган. Караса, жолдо таягына сүйөнүп араң баскан абышка келатыптыр. Жакын келип учурашып, жанына отура кетти. Жээренче ошондо Алдарды тааный койду, себеби улгайган кишинин ээгинде бир тал сакалы жок эле. Жээренче кубанып кетип сөз баштады:

– Алдар, сен жүзгө чыктың, барбаган жериң, көрбөгөн элиң калган жок, сенин изиң калбаган жол болбосо керек. Көргөн-билгениңден айта отурсаң – мен ыраазы.

Читать далее АЛДАР-КӨСӨӨ МЕНЕН ЖЭЭРЕНЧЕ

ЧАЛ МЕНЕН КЕМПИР

Илгери дейт, илгери… чал-кемпир жашаптыр. Чалы отунга кетет, кайтып келатып ийне таап алып, аны таңгактын арасына салып коёт. Келип кемпирине сүйүнчүлөсө, ийнени тебетейиңе төйнөйт белең деп кемпири тилдейт.

Чал отунга кетет дагы. Кайра келатып балта таап алат. Тебетейин айрып, балтаны айрыкка кыстарып кемпирине апкелип карматат. Муну көргөн кемпири сүйүнмөк беле, балтаны бел курчооңо кыстарбайт белең деп тилдейт.

Чал отунга кетет, келатып күчүк таап алат. Аны дароо бел курчоосуна кыстарып үйүнө апкелет. Кемпири дагы тилдейт: «Муну күчү-күчү десең эле ээрчип келбейт беле».

Чал отунга кетет, үйүнү келатып гелюндарга[1] кезигип калып, «күчү-күчү» деп чакырды эле, алар дыргаяктаган боюнча артты карабай качып жөнөшөт. Үйүнө жетип, гелюндарга кезиккенин кемпирине айтат. Гелюндарга ооз тийгизер бирдеңке бербесең жаныңа келмек беле деп кемпири дагы тилдейт.

Чал отунга кетет, келатса алдынан жети карышкыр чыгат. «Келгиле, ооз тийгиле» деген экен, ошентип чалды жети карышкыр жеп коюптур.

Макоо карышкыр

Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып:

— Мен сени жейм, — дейт.

— Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, анын үстүнө карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир кызым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу — дейт эчки.

Читать далее Макоо карышкыр