ЭЭСИН ТАПКАН ИТ

Тайга деген жер болот. Токойлор, жыш дарактар, карагай-кайыңдар, бадал-черлер. Анан өтө көп жан-жаныбарлар. Ошол Сибирь жактарда андай чексиз аймактар көп. Бир кезде кыргыздар да аерлерде жашаган дешет. Ал эми бурят эл жомогу мынтип айтылат.

Ошол жерди турак кылган бир ит илгерки замандардын биринде өзүнчө ойлонуптур: «Жалгыз жашаган жанга батты. Эң эле тайбас, тартынбас, күчтүү жаныбарды табайын да, ошого дос болоюн, анан ошону менен түбөлүк жолдош катары күн өткөрөйүн».

Ошентип ит дос издеп токойго чыгат. Биринчи болуп коркок коёнго кездешип калбайбы. Ал айтат:

Читать далее ЭЭСИН ТАПКАН ИТ

БУРУНДУК КАНТИП КООЗ КИЙИНДИ?

Кыш бою күрөң аюу чээнде уктап жатты. Сары чымчык жаз келгенин кабарлап ырын төгө баштаганда гана ал өзүнө келип, караңгы ийинден каалгып чыгып, алаканы менен күндөн калкаланып, чүчкүрүнүп, өзүнө өзү каранды:

— Э-э-э, мен кандай гана арыктап калгамын… Узак кышта эч бир наар алган жокмун да…

Анын сүйүктүү азыгы – кедр жаңгагы. А эң эле жакшы көргөн кедри өзүнүн эле чээнинин жанындагы алты кулач алп дарак. Бутактары абдан жыш, ийне жалбырактары жибек сымал жалтырайт, анын арасынан тамчы жаан да өтпөйт.

Читать далее БУРУНДУК КАНТИП КООЗ КИЙИНДИ?

МАМАЛАК БАККАН ТҮЛКҮ

Аю өзүнүн мамалактарын бактырмакка «нянька» издеп жөнөйт. Токойду аралап жүрүп, карышкырга кезигет.

– Кайда жөнөдүң, Аюке? – дейт кашабаң.

– Мамалактарымды карай турган бирөөнү табыш керек эле, – дейт күрпөң аю.

– Мени деле «нянька» кылып алың, – дейт карышкыр күнк-мыңк.

Читать далее МАМАЛАК БАККАН ТҮЛКҮ

Эки улак

Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп тынбай, жан жактарын каранып секиришет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикенектер эле көрүнүп, эч бир кой-эчки көрүнбөйт.

— Сен  ак  улаксың,  тил  укпаган  чунаксың!  Мени  ары-бери  сүйрөп жүрүп  акыры  адаштырдың,  жаның  барында койду  таап  бергин, — деп  ак улакка кара улак нааразы болот.

Читать далее Эки улак

БУЙВОЛ ЖАНА БАРАБАН

Эки теңтуш жолугуп калат. Бирден кагыштырмай болушат. Бир жерге киришет. Үстөлгө отуруп, бир чөйчөктөн заказ кылышат.

– Э, – дейт бири, – көптөн бери көрүшпөдүк ко. Биз көрүшпөгөндөн бери Неаполдо болдум, несин айтасың, атасынын гөрү. Жолдо катар эмнелерди гана көрбөдүм, акыры таңгалбай да калдым. Шумдук эми.

Читать далее БУЙВОЛ ЖАНА БАРАБАН

Коён неге ыйлады?

Кар коёнго айтат:

— Менин негедир башым ооруп калды да…

— Менимче сен бир четиңен эрип жатсаң керек. Ошого башың ооруп аткандыр. – Коён карга ушинтип айтты да, дүмүргө отуруп алып ыйлап кирди: – Сен жок мага кыйын болот, аппак карым. Сенин үстүңө чыгып алып секирип-секирип сыраңдап ойнойт эмес белем. Эми кантем? Эми мени ким сактайт? Түлкү келатса да, карышкыр келатса да, киши келатса да сени оюп, ичиңе кирип кетип кутулчу элем да.

Читать далее Коён неге ыйлады?

АРС ЧЫЧКАН ЖАНА КОЁН

Кыштын узун түндөрүнүн биринде арс ууга чыкты. Кар малтап келип, бир жерге жеткенде арткы кош аягы менен тике туруп, моюндарын ары-бери созуп, туш тарапка аңдоо салып, жыт искеп баштады.
Ошо кезде тоо баскандай эле бир оор жүк артынан басып калды. Арс чычкан кичинекей болгон менен тайманбас эле. Бурулуп, тишин кайрап жанагы тоодойго тап берди:

Читать далее АРС ЧЫЧКАН ЖАНА КОЁН

ИЛБИРС ЖАНА НАЛИМ БАЛЫК

Бир замандарда илбирс көлдөрдүн жээгинде же дайралардын боюнда жашачу экен. Анткени ал балыкты жакшы көрчү тура. Таң үрүл-бүрүлдө жээкке келип ары-бери ойногон же толкун кыргакка түртүп таштаган балыктарды шап илип кетчү да, курсагын кампайтчу. Килтейген илбирс ушул майда балыкка тоюп калмак беле, анан кечке аңдып жата бермей да.

Читать далее ИЛБИРС ЖАНА НАЛИМ БАЛЫК

ЖАРГАНАТ

Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш болот. Жарганат ошондо минтиптир өзүнчө:
– Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам! — дейт.

Читать далее ЖАРГАНАТ

ТҮЛКҮ, ЖОЛБОРС, АЮУ, КАРЫШКЫР

Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу — төртөө жолдош бодду. Тапканын ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан жолдо келатышып, төөгө кезигишти. Төөнү да «бизге жолдош бол» деп кошуп алышты.

Узак жол жүрүп, курсактары ачты. Түлкү анан мындай масилет кылды:

— Ии,  бул төө  ынаса,  баасын  он  койго  чегерелик.  Жазында  ар бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой тийет. Эки кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,- деди.

Читать далее ТҮЛКҮ, ЖОЛБОРС, АЮУ, КАРЫШКЫР