Абдан чытырман жана түнт, ошого жараша сырдуу-сүрдүү токойдо түлкүнүн баласы Бачики жашаптыр.

Ал көк шиберде достору менен кубалашып ойногонду, бадалдардын арасына жашынып алып бир туугандарын издеткенди, анан асманда көчкөн булуттарга көз салып чалкасынан жатканды, токой ичинде сейилдей басып көңүлдүү ырларды кайрыганды баардыгынан жакшы көрчү экен. Бир жолу анын башынан мындай бир кызыктуу жана сырдуу окуя өттү.

Ошол күнү эртеден кечке катуу нөшөр жамгыр тынбай төгүп, аны күн күркүрөө менен чартылдаган чагылган коштоп, муздак шамал аркырай согуп турду. Калың бадалдын кургак түбүндө жаткан Бачики улам башын көтөрүп, асманды карап, жамгырдын токтоосун чыдамсыз күттү.

Кечке жуук жамгыр акырындан бастап, асман көгөрүп ачылып, жаандын акыркы тамчылары менен бирге жерден тунук жана түссүз күн желеси иймекей болуп көтөрүлдү. Кечке жатып тажаган Бачики ордунан туруп тазарып калган токой ичи менен оюн сала чуркап жөнөгөндө тунук таза Күн желеси да аны менен кошо жүгүрдү. Ошентип Бачики менен Күн желеси кубалашып ойноп, токой ичинде чуркап жүрүшүп, бир кезде жерден асманды карай көтөрүлгөн бийик дөбөгө чыгып барышып, айланага көз жүгүртө берип, ажайып бир кооздукту көрүштү.

Батышка карай эңиштеп батаарына баштанган күн өз нурлары менен жердеги жашыл чөптөрдү, кызыл гүлдөрдү, көпкөк асманды, сары көпөлөктөрдү сылап-сыйпап, өзүнүн жылуу-жумшак нурларына бөлөп жатыптыр. Муну көргөндө Күн желеси өзүнүн эч кандай кооз түсү жок тунук экенине өкүнүп, өңү түнөрүп капалана түштү. Муну байкаган Бачики ага кыйкырды:

– Тезинен, тезинен жаратылышка аралаш, күн нуруна оролуш!

Күн желеси дароо эле анын тилин алып, айтканын түшүнүп, сапсары күн нуруна аралашып, токойдогу түркүн гүлдөрдү сылап-сыйпап, асмандын көгүш өңүн өөп, жердин жашыл чөптөрүн аймалап өткөндө анын тунук түсү заматта ар түркүн түстүү болуп чыга келди. Заматта өзүнүн укмуш кооз боло түшкөнүнө кубанган Күн желеси ого бетер көркүнө чыгып, асман жердин ортосунда ажайып бир керемет иймек болуп көз кубандырып турду.

Ушундан соң кичинекей Бачки жамгырдан соңку ажайып кооз Күн желесин көргөн сайын аны менен жайдары учурашып, мындай кереметтин жаралышына өзүнүн да салымы бар экенине сыймыктанып калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *