Көпөлөгум

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Нурлан Насип көпөлөгүм mp3 угуу

Нурлан Насип көпөлөгүм тексти

Сөзү: Нурлан Насиптики
Обону: Нурлан Насиптики

Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.
Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.

Кайырма:
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.
Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап

Кайырма:

Нурлан Насип — Көпөлөгүм (ремикс) — Караоке

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.