Экөөбүз бири-бирибизге жарашчу элек,
Мен ойлочу элем келечекте бирге болсок экен деп.
Көрсө, тагдыр биз ойлогондой болбойт тура,
Бактылуулар баалашып, таалайлуулар талашып,
Кетип калат тура…
Кайырма:
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Башкаларды күнөөлөгөн ката.
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Адамдын өзү татаал…
Сен мага айтпа, сансыз убараланба,
Мага караба, сезимге жараланба.
Жолдор алыста,
Жашоо, тагдыр, буйрук.
Каныкей — Адамдын өзү татаал тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 1037
Эн соонун
Жакты