Бул шумдук те илгери болуптур. Кытай императору Корея королуна чабармандан минтип айттырат: «Хан дарыясынын бир тамчы суусун калтырбай кемеге жүктөтүп, дароо Кытайга жөнөтсүн».

Кореянын королу анан болгон аткаминерлерин жана министрлерин чакыртып, эмне кылуу керек дейт. Баары баш катырат. Омоктуу чечим табалбай ойдолоктошот. Ошондо өкмөт башчы Хван Хи акыл таап, деп турганы:

– Улуу урматтуу король, мен кытай императоруна минтип айтмакчы элем: «Корея королу Хан дарыясынын бир тамчы суусун калтырбай жүктөтөрүн жүктөтөт да, чын ыкласынан Кытайга жөнөтөт. Бирак ал үчүн кемеге кумдан мамы төшөшүбүз керек. А Кореяда кум аз, ал эми мен билгенден, Кытайдын түндүгүндө кумдан көп нерсе жок. Андыктан Сиздин ырайымдыгыңыз менен бизге бийиктиги үч жүз фут мамы төшөлгүдөй кум жөнөтүп жиберүүңүздү суранабыз».

Кытай императору ошондон кийин суу кечпес өтүнүч айттырып, Кореяга өз чабарманын жөнөткүс болгон дешет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *