Жаш жигит биринчи жолу ууга чыкты. Жыш тайгада элеңдеп ары-бери каранып коркуп барат. Тайга жымжырт. Бир убакта дарактардын шуудурун жана таштардын бири бирине кагышканын угуп калат. Коркуп кеткен мергенчи бийик өскөн ак кайыңга чыга качат. Караса чын эле эки токой алпы – аюу менен каман кармашып атыптыр.

Аюу каманга карап алдындагы таштарды шилеп ыргытат, а каман болсо аны тоотуп да койбой, алдыга жылат. Каман эптеп аюуга жетти да орсойгон курч маңдай тиши менен аны челип ыргытып, анан ичин жара тартты. Ошо кезде аюу да акыркы күчүн жумшап, алдыңкы буту менен каманды берип калууга үлгүрдү.

Эки алп тең өлүп, тайганы кайра жымжырттык каптады.

Жаш мергенчи калтырап-титиреп кайыңдан түштү да, айылды карай чуу койду. Анан эл чогултуп аларга өлө мактанды:

— Жүргүлө, көргүлө, мен биринчи ууга чыкканда эле эки алпты – каманды жана аюуну бирдей өлтүрдүм!

Кыштактыктар жаш мерген айткан жерге келишсе, чын эле – экөө бирдей тырайып өлүп жатат. Анан алар ушунча эт тапкан жаш уучуну алкап эле жатып калбайбы.

Ошо кезде карыя мал багар гана өлүктөрдү карап мыйыгынан күлүп унчукпай турду. Анан жаш мергенден кантип уу кылганын сурады. Мерген болсо баары уксун деп, баары анын өнөрүнө тан берсин деп кыйкыра сүйлөп мактанып кирди.

Ошентип атканда эле ары өлүктөрдү абайлап карап аткан карт малчы мергенге ыраазы болуп аткан элге кыйкырды:

— Карагылачы, аюу таманын кыймылдатып кирди! Ой, каманга жан кирип жер челип атат! Азыр экөө тең турат! Качкыла?! Булар азыр мени ким өлтүрдү деп сурашат!

Жаш мерген мылтыгын ыргытты да, кыштакты көздөй чуу койду.

Адамдар болсо аны карап күлүп калышты.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы42
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Карышкыр менен эчки33
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *