Карышкыр ачка болучу. Кулун ээрчитип оттоп жүргөн бээнин жанына келип, шилекейин чубуртту:

“Кулундун эти кандай гана таттуу! Мага мунуңду сатпайсыңбы?» — деп кайрылды бээге.
Албетте, — деди бээ. Сатпагандачы, сатам.

Канчага сатаар элең?

Канчагабы? Эсимден чыгып турганын карабайсыңбы. Анын наркы менин темир такамда жазылуу эле. Сен сабаттуу жансың го, өзүң окуп алчы, деп арткы бутун көтөрдү бээ. Карышкыр айланып барып, такадагыны окумакчы болду.

Ошол замат бээ аны карылуу буту менен тумшук талаштыра тээп калды. Карышкыр оңко-чоңко атып барып, кулады. Мына сага кулундун ширин эти!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы72
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)61
Кырк калп жомок43
Кыска жана күлкүлүү жомоктор39
Каниет кылуу - Илегилек38
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок28
Акылдуу кыз27
Мээримдүү канаттуулар22
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз19

Карышкыр менен бээ: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *