Илгери дейт, илгери… чал-кемпир жашаптыр. Чалы отунга кетет, кайтып келатып ийне таап алып, аны таңгактын арасына салып коёт. Келип кемпирине сүйүнчүлөсө, ийнени тебетейиңе төйнөйт белең деп кемпири тилдейт.

Чал отунга кетет дагы. Кайра келатып балта таап алат. Тебетейин айрып, балтаны айрыкка кыстарып кемпирине апкелип карматат. Муну көргөн кемпири сүйүнмөк беле, балтаны бел курчооңо кыстарбайт белең деп тилдейт.

Чал отунга кетет, келатып күчүк таап алат. Аны дароо бел курчоосуна кыстарып үйүнө апкелет. Кемпири дагы тилдейт: «Муну күчү-күчү десең эле ээрчип келбейт беле».

Чал отунга кетет, үйүнү келатып гелюндарга кезигип калып, «күчү-күчү» деп чакырды эле, алар дыргаяктаган боюнча артты карабай качып жөнөшөт. Үйүнө жетип, гелюндарга кезиккенин кемпирине айтат. Гелюндарга ооз тийгизер бирдеңке бербесең жаныңа келмек беле деп кемпири дагы тилдейт.

Чал отунга кетет, келатса алдынан жети карышкыр чыгат. «Келгиле, ооз тийгиле» деген экен, ошентип чалды жети карышкыр жеп коюптур.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *