Бир шаарда жашаган адамдын сыйкырдуу чоору бар экен. Чоорду уккан ким болбосун токтоно албай бийлей баштайт дейт. Бир күнү чопо идиш жүктөгөн эшегин жетелеп бир соодагер өтүп баратыптыр. Аны байкабай тиги киши чоорун ойной салбаспы. Аны уккан соодагер эшеги менен кошулуп бийлеп кирет. Ушунчалык секирип бийлешкен экен, чопо идиштери сынып калыптыр.

Соодагер чоорчуну ойногонуңду токтот деп суранып, кыйкырса да идиштерден майда сыныктар гана калганча ойной берет. Идиштери сынып зыян тарткан байкуш  соодагер сотко арызданып барды.  Сот чоорчуну өзүнө чакырат:

— Сен бул соодагердин бүт идишин талкалап салдыӊ деп күнөөлөнүп жатасыӊ.

— Бирок менде эмне күнөө. Мен жөн гана чоордо ойнодум, бул киши эшеги экөө өздөрү эле бийлеп жатып идиштерин талкалап салышты.

— Сен чооруӊду ала келдиң беле?

— Ооба, алып жүрөм.

— Анда ойно! – деп буйрук берди сот, креслого  отуруп жатып.

Чоорчу чөнтөгүнөн чоорун алып чыкты да ойной баштады. Арызданып келген соодагер отурган отургучун кучактап бийлеп кирди. Эми эле эмен жыгачынан жасалган тамеки салгычтан чылым алайын деген сот, тамеки салгычтын капкагын кастаньет сыяктуу манжалары менен согуп, секирип бийлеп кирди. Аркы бөлмөдө көп жылдан бери төшөктөн турбай калган соттун карган энеси туруп кетти, ал гана эмес алаканын чапкылап, ырдап, бийлей баштады:

Кара, кандай кубаныч,
Келди куунак күн!
Жети жылкы төшөктөн
Турдум так бүгүн.

Соттун кабинети бийлөөчү залга айланды да, кишилер гана эмес буюмдар кошо секирип бийлеп жатты. Сот эми баары чарчап эси оогонун көрүп, өзү суранып чоорчуну токтотту.

Терин аарчып, демин баскан соӊ, сот чоорчуга кайрылды:

— Кудай жалгасын, жакшы адам, сенде эч күнөө жок, демек жаза да болбойт, кайра сенин чооруӊ канча жыл, турмак түгүл өз алдынча оодарыла албай төшөктө жаткан энемди айыктырды окшойт. Бара гой, келген жагыӊа.

Чоорчу болсо ыраазы болуп соттон көӊүлү көтөрүӊкү жөнөп кетти.

Соттун  энеси  такыр  айыгып кеттиби же кайра жатып калдыбы, бул окуяны аягына чейин биле албадык.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки42
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *