Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.
Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.
Коңур-Дөбө — жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.
Керим Турапов — Туулган жер тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 15967
Эмнеге тексти башкача жазылган бирок, ырда башкача айтылып жатат
Бул жерде толук жазылган эмес жана бир эле ката бар
Эмнеге тексти башкача жазылган,бирок ырда башкача айтылып жатат
Билбейм менин ойум сиздер комментарии коп болсун деген
Мага бул ыр аябай жакты
бул жерде ката жок
Менин китебимде ошондой эле жазылып турат
Мен 6 классмын мага билимбей калышы мумкүн.