«Окуу, окуу жана окуу»

Тоодо жашаган үч чабан бири-бири менен дос болушуптур. Алар тоодо мал багып жүруп, бир кумураны таап алышат. Ичин карашса толтура алтын бар экен. Бирок ал кумура аябай сырдуу көрүнүптүр. Алар кумураны колуна алаары менен:

— Мен сыйкырдуу кумурамын. Менден уч нерсе сурап алсанар болот. Бирок, сынып, же жоголуп кетсем тилегинер орундалбай калат. Мени жоготуп, же сындырып албасанар он жылдан кийин дагы сурасанар болот, — дейт.

Уч дос уккан кулактарына ишене албай туруп калышат.

Анан чындыгын билүү учун өздөрүнүн тилектерин айтышат.Биринчиси:

— Мага мени бай кыла турган сандык бер, — деп тилек айтат.

Кумура анын айтканын аткарып, заматта алтын сандыкты пайда кылат. Экинчиси болсо:

«Менин каалаганым» деп ойлонуп туруп, анан:

Байлык менен кошо түбөлүк жашоону каалаймын,-дейт.

Үчүнчүсүнүн тилеги болсо эки досунун тилегине такыр окшошпойт. Ал:

— Мен ичинде абдан көп, баалуу китептери бар китепканам болуусун каалаймын,- дейт.

Мына ошентип кумура үчөөнүн тен тилегин орундатат. Анан чабандар бул сыйкырдуу кумураны дагы он жылдан кийин кайра каалаган тилектерин суроо үчүн жерге көмүп коюшат.

Ошентип биринчи тилек кылган чабан ушунчалык бай жашоого жетишет. Анын жашоосу падышалардын жашоосу менен бирдей денгээлде болот. Экинчи чабан болсо, каалаганындай бай болуп, ошол эле учурда канча жыл өтсө да ага такыр карылык келбептир.

Ал эми үчүнчу чабан каалаган китепканасында эртеден кечке китеп окуп, билимин жогорулатат. Акыры ал өлкөдө ете таанымал аалым даражасына жетет.

Мына ушинтип арадан он жыл өтөт.

Баягы уч дос кайрадан жолугушушат. Алар чогулуп алышып баягы сыйкырдуу кумура көмүлгөн жерге келишет. Биринчи чабан:

— Алдыбыздагы он жыл бою көмүлгөн кумура менде турсун,- десе, экинчиси:

— Эмне үчүн сенде турат экен? Менде деле турса болот,-деп аны менен тиреше кетет.

Анан кумганды талаша кетишет. Алар кумганды талашып жатышып, колдорунан түшүрүп сындырып алышат. Мына ушинтип баарынын тилеген тилектери орундалбай калат. Кумура айткандай каалоолору орундалбай, кадимки катардагы адамдардай эле болуп калышат.

Биринчисинин байлыгы, экинчисинин түбөлук жаштыгы жана үчүнчүсүнүн китепканасы бир заматта көздөн кайым болуп кетет. Жоголбогон бир гана нерсе калат. Силер билсенер керек ал эмне экенин?.. Албетте, туура. Ал жоголбогон нерсе китептерден алган билим болчу.

Ошентип үчунчу чабан атагы ааламга кеткен чоң аалым болгон болчу. Ал ошол аалым бойдон калды. Ал эми берки экөө болсо, мурдагы абалдарына келип калышкан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Китеп окуу — Уч чабан: 14 комментарий

  1. Кумура деп окуп келе жатсам эле кумган болуп кетти анан кайра кумура . Ошондуктан угуп жаткан балага түшүнбөстүк жаратат.Таасирдүү экен.

    1. Мааниси жакшы экен, кумура кумган экөө эки башка нерсе . Ошонусу балага түшүнүксүз болуп жаратат экен

  2. Мага жакты сонун екен мен ката тапкан жокмун мен мектепке ушуну айтып берем согун

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *