«Китеп билимдин ачкычы»

Илгери-илгери бир чон өлкөдө бир бай падыша жашаптыр. Анын жалгыз бир кызы болуптур. Ал ар дайым капалуу журчу экен.

Падыша кызына баа жеткис белектерди, эч ким кийбеген баалуу кийимдерди алып, эч ким жебеген тамактарды жасатып берсе да, кала берсе бат-бат саякаттарга алып чыкса да кызы такыр бактылуулукту сезбей, кабагын да ачпаптыр. Кызынын минтип дайыма капалуу жүргөнүнө атасы аябай ойлонуп, бир куну кызынан:

— Кызым, эмнеге дайыма капалуусун?-деп сурайт.

Кызы атасына:

— Атаке мен аябай жалгызсырап жатам. Сиз жасаган нерселердин баары мени бактылуу кыла албайт, — деп жооп берет.

Ошентип кундер өтө берет. Мына ушундай күндөрдүн биринде ханыша капасын жазыш учун падышанын сарайынан качып кетет. Ханыша жүрүп отуруп журуп отуруп акыры бир токойго туш келет. Ал ошол жерден өзүн бактылуу кыла ала турган нерселерди издей баштайт. Бирок токойдо дарактар таштар көп болгондуктан эч нерсе таба албайт.

Тескерисинче токойду аралап журуп кантип адашып кеткенин билбей калат. Бир маалда кеч да кирип кетет. Ханыша отуруп алып бул кылган ишине өзү аябай ыза болот.

Күн баткандан кийин эмне кылаарын ойлоп, аябай корко баштайт. Капалуу отурса жанынан кичинекей бир кыздын өтүп бара жатканын көрөт. Ханыша кызды көрөөрү менен суйунуп кетет. Анан ал кыздын ким экендигин сураганда кыз ошол жердеги отунчунун кызы болуп чыгат. Ханыша андан токойдон чыга турган жолду көрсөтүп жана өзу жөнундө айтып беришин сурайт. Ал кичинекей кыз өзу тууралуу айткан сон, ханышадан ким экендигин сурайт. Ханыша өзүн:

— Мен падышанын кызы Ханышамын — деп жооп бергенде отунчунун кызы:

— А ий, сиз падышанын кызы болсоңуз токойдо эмне кылып жүрөсүз? Атаныз сизди издетпейби? — деп аябай таң калып сурайт

Ханыша кыз анын суроосуна:

— Мен хан сарайында өзүмдү жалгыз калгандай сездим. Анан буга аябай капаландым. Капалыгымды жазайын деп хан сарайдан качып чыгып, мына ушинтип токойдо жүрөмун, — деп жооп берет.

Отунчунун кызы эмне кыларын билбей ойлонуп туруп, хандын кызын үйүнө түнөтүүнү чечет да:

— Биздикине конок болуп жатып калыныз. Анан эртен кун чыкканда уйунузгө кетесиз, — деп сунуш кылат.

Бул сунушту ханыша аябай кубаныч менен кабыл алат.

Ошентип алар отунчунун кызынын үйүнө келишет. Кыз менен апасы тамак даярдап жатканда, ханыша уйду кыдырып чыгат да, аябай тан калат. Уйдун ичин карап журуп акыры кичинекей кыздын бөлмөсунө туш келет. Ал бөлмөгө кирээри менен ханыша өз көзүнө өзү ишене албай кетет. Анткени кичинекей бөлмөдө китеп текчелери болуп, анда китептердин толтура турганын көрөт. Анан ойлонуп өзу падышанын кызы болсо дагы бөлмөсүндө бир да китеби жок экенине аябай кейийт. Анан ханыша отунчунун кызынын жанына барып:

— Сенин көп китебин бар тура, мага окуганга бирөөсүн бере турчу, — деп суранат

Отунчунун кызы макул болуп ага өзүнүн эң жакшы көргөн китебин берет. Ханыша кыз берген китепти окуп отуруп, китептеги өтө кооз дүйнөгө кирип кеткенин өзү да байкабай калат.

Ал мындай кооздукту, сулуулукту мурда эч жерден керген эмес болчу. Бул китептеги кызыктуу окуяларга кубө болгон ханыша ичиндеги бук болуп жаткан капачылыгынын себеби таптакыр китеп окубагандыктан болгондугун эми чындап тушунөт.

Ошентип ханыша китеп окуп жатып уктап калат. Эртеси куну отунчу ханышаны хандын сарайга алып барат. Кызын таап алган хан аябай суйунуп кетет. Падыша кызын таап бергендиги учун отунчуга сыйлыктарды берет. Кызынын да аябай бактылуу болуп турганын көргөндө кубанычы койнуна батпай кетет. Анан мындай бактылуу болушунун себебин сурайт. Кызы болсо атасына жылмая карап:

— Китеп окуп аябай бактылуу болдум. Анан өзүмдүн жалгыздыгымды да унутуп калдым — дейт. Муну уккан атасы кызынын бөлмөсунө чон текчесин жасатып, анын ичин китептер менен толтурат. Ханыша кыз бул китептердин баарын окуп чыгып, көп нерсени билүүгө жетишет. Анан дагы көп нерсени билгендиги учун өтө бактылуу болуп жашап калган экен.

Китеп окуу - Падышанын капалуу кызы 2

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы37
Акылдуу кыз жомок34
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок16

Один комментарий к “Китеп окуу — Падышанын капалуу кызы”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *