Кичинекей чабак балык Клопик өзүнүн бош убактысында деңиз түбү менен сейилдеп, анын жашоочулары менен таанышканды жакшы көрүүчү. Анын үстүнө деңиздин түбүнөн көп кызыктуу буюмдарды табууга болот эле.

Бир жолу ал өз үйүнөн батыш тараптагы жээкке жакын аймакты аралап келүү үчүн жөнөдү. Бул жерден осминог Вольт экөө деңиздин табышмактуу үстү жагынан түшкөн абдан кызыктуу буюмдарды көп табышчу.

Ал компас, якордун сыныгы, жылтыраган жез тыйын сыяктуу табышмактуу нерселер адамдарга тиешелүү болгондуктан деңиз түбүндө жашаган жаныбарлардын кызыгуусу менен таңгалуусун абдан жаратчу.

Бул жолу дагы чабак Клопик ошол сыяктуу бир нерсе таап досторун таңгалдыргысы келди. Үйүнөн жетиштүү эле алыс аралыкка сүзүп барса дагы эч кандай деле жакшы табылга таба алган жок. Антсе деле үмүт үзбөй сүзүп бара берди. Көп өтпөй ал жыйылып турган чоң таштарды көрүп: “Мына ушул жерден өзгөчө бир нерсени табармын”,- деген ойдо ага жакын сүзүп барды.

Барарын барды, бирок көргөн көзүн алайтып, бүт денесин селейтип, таңгалмак тургай коркконунан ордунда катыды. Анын маңдайындагы жыйылган чоң таштардын ортосундагы караңгы коңулдан укмуштай чоң жашгылт өңдөгү көз өзүн жалжылдай тиктеп туруптур. “Кандай түрү суук көз! Бул көз акуланыкыбы, скаттыкыбы же алардан да жаман деңиз жезкемпириникиби?”- деген коркунучтуу ой чабактын көңүлүн ээлеп алды.

Бул коркунучтуу жерден кетип калгысы келгени менен алыстай сүзүп барганда анын коркуусун кызыгуусу жеңип токтоду дагы, алыстан туруп алып бул чоң көзгө байкоо жүргүзө баштады. Бул көздөр сөзсүз деңиз түпкүрүнүн эбегейсиз чоң жаныбарына таандык экенине көзү жеткени менен анын не жандык экенин билбей койду. “Көзү эле ушунча чоң болсо, өзү кандай болду экен? Балким муну Вольт осминог билер. Балким ал мунун жанына чейин барып ким экенин да билип берер. Кантсе да ал мага караганда абдан чоң жана күчтүү эмеспи, анын үстүнө осминогдор мындайлардан коркпосо керек”,- деген Клопик чабак осминог досун издеп жөнөдү.

Осминог Вольт өзүнүн үй-бүлөсү менен деңиз капустасынын арасында жашачу. Клопик барганда ал түшкү тамактан соң көп буттарын туш-тарапка сунуп, эс алып жатыптыр. Вольт делөөрүгөн чабактын жаңылыгын уккан соң анын чоң көздөргө кызыгуусу менен таңгалуусу артып, сөзсүз анын ким экенин билиш үчүн Клопикти ээрчип жөнөдү. Бирок экөөбүзгө караганда үчөөбүз болсок коркунучсуз дешип, ар кандай жоруктарды жасап жиберүүгө жакын краб Орсини таап, ээрчитип алмай болушту. Орси жалпак таштын үстүндө күнгө жылынып жаткан экен. Анын кыларга иши жогунан көңүлдөнүү менен досторуна кошулуп жөнөп калды. Ал жолдо-ката коркок чабак менен ашкере сак осминогду шылдыңдап күлүп келатты:

– Хе-хе-хе! Мында коркунучтуу эмне бар дейсиңер? Каяктагы алайган бир чоң көздөн коркуп… Тапкан экенсиңер коркчу немени. Мына мен эч кимден, ал тургай акуладан, киттен да коркпойм. Мен эр жүрөк жана…- деп келатып таштардын коңулундагы алиги чоң көздү көрүп, катуу чочуп кыйкырган бойдон балырлардын арасына кире качты.

Достор токтой калып ого бетер чоңоюп, мурдагыдан да коркунучтуу болуп кеткен, бир дагы ирмелип койбогон жашгылт көздөр менен тиктешип турушту.

– Бул ким болушу мүмкүн?- деп сурады азыр эле эр жүрөкмүн деп мактанып келаткан краб Орси калтыраган үндө жашынган балырлар арасынан кылтыйтып башын чыгарып.

– Бул жерден тезирек кетеличи,- деди осминог Вольт артка кетенчиктеп.

– Жок, биз бул таштардын коңулунда ким жашынып жатканын билип ата-энелерибизге айтып барышыбыз керек,- деди эки досуна караганда жүрөктүү болуп чыккан чабак Клопик.- Эгер бул абдан коркунучтуу жаныбар болсо, ага жем болуп калбаш үчүн аталарыбыз бизди коркунучсуз жакка алып кетиши керек.

Краб менен осминог чабактын бул айтканына макул болгону менен, достордун эч кимиси бул коркунучтуу көздөргө жакын барганга батынган жок.

Достор көп убакыт бою бул чоң көздөрдү карап эмне кыларды билбей турушту. Алар бул тууралу улууларга айтып барса туура болмок, бирок эч кимиси ата-энелерине коркок көрүнгүлөрү келген жок. Антип кур намыска алдырганы менен булардын ичинен эч кимиси тобокелчиликке баралбады.

Достор эмне кылышты кеңешип, кыйкырып талаша да кетишти, урушуп кете да жаздашты. Акыры алар ары кетип, бери кетип, бул коркунучтуу көздөргө кыйкырып, сыртка чыгууга чакырып, ал сойлоп чыгып өзүн көргөзгөндө ким экенин билип алып, анан бул жерден алыс качып кетмей болушту.

Биринчи эле чабак Клопик кыйкырды:

– Эй, таш коңулуна жашынып отурган неме! Сыртка чыккын, биз сени көргүбүз келет.

– А силер мени көрүп алып эмне кыласыңар?- тигил жаныбар үн катты эле, анын добушу андай деле коркунучтуу угулбады, ал тургай назик жана акырын чыкканы досторду таңгалтырды.

– Биз сенин ким экениңди билгибиз келет,- деди осминог.

– А силер мени урбайсыңарбы, тийбейсиңерби?- деди бейтааныш жандык.

Муну укканда достор ого бетер таңгалышты.

– Албетте, тийбейбиз, бирок сен да бизди жебе ээ,- деди краб Орси.

– Болуптур,- деп макул болду алиги чоң көз жаныбар. Бир нече көз ирмем өткөн соң достор таш коңулунун оозунан алгач анча чоң эмес мүйүздөрдү көрүштү, андан соң башынын көп бөлүгүн жалгыз көзү ээлеген кичинекей үлүл алардын бет алдыларында турду.

– Салам, үлүл,- деди жөн жеринен эле досторунун тынчын алганы үчүн уялган Клопик.

– Саламатсыңарбы, балдар. Менин атым — Кора. Мен дайыма ушундай таштардын ыңгайлуу, коркунучсуз коңулуна жашынып отура берем. Эч кимге тийишпейм, зыян келтирбейм.

— А эмне үчүн сенин көздөрүң мынчалык чоң?- деп кызыга сурады Орси.

– Көздөрүм андай деле өтө чоң эмес. Кадимкидей эле көздөр. Алар силер мага аябай коркунучтуу жана ачуулуу көрүнгөн үчүн чоңоюп кетти. Бүттү, бул алп желмогуздар мени азыр жешет деп таштардын арасында бүрүшүп жата бердим.

– Биз сага алп желмогуз көрүндүкпү?!- деп таңгалды Вольт.- Биз сенден аз-маз эле чоңурак болуп турабыз го…

Ушинтип чабак Клопик, краб Орси жана осминог Вольт Кора аттуу мүнөзү шайыр үлүл достуу болушту. Жакшылап карашса, анын көзү чын эле андай деле чоң эмес экен. Көрсө, коркконго кош көрүнгөн анын көзү алайып абдан чоң болуп кетиптир. Ал чоң көздөрдөн достор дагы корко беришиптир. Бул коркунучтуу окуянын арты ушинтип күлкүлүү аяктады.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *