Король боюнча сөз болуп калды эле, эмесе дагы бир король жөнүндө жомок угуп койгула.

Илгери Италияда кандай болгонун билесиӊерби: кайда барсаң король, майда мамлекеттерге бөлүнгөн, бир шаарда бир король, башкасында экинчи король.

Ушундай бир өлкөдө карт король өлүп, ордуна анын уулу таажы кийип, король болуп калат. Ал алгачкы башкаруусун эл-жерин кыдырып көрүүдөн баштады.

Башкы кеӊешчи менен министрлеринин коштоосунда ак боз атты минин өз өлкөсүн айланып чыкты, түшкө жакын чыккан король, күн батканча кыдырып бүтүп, кайра келип калды, кудай жалгап анын мамлекети анча деле чоӊ эмес эле.

Жаш король тактыга отуруп сурап калды:

— Биз баарын карап чыктыкпы?

— Жок, баарын эмес, — биринчи министр менен башкы кеӊешчи жарыша жооп берди.

— Биздин королдун улуу урматына  корольдук тиӊсе – түрмөсү бар, анда королдун кылмышкер-туткундары отурат.

— Мен аларды азыр эле көрүшүм керек! —  деп король секирип тагынан тура калды.

— Караӊгы кирип калбадыбы, — биринчи министр каршы айтмак болду эле.

— Акылыӊдан айныдыӊбы? Эгер  түрмө чын эле тиӊседей болсо анда күндүз деле капкараӊгы болуш керек эмеспи, малайларды жарык кылып тургула дегиле, тезирээк мени алып баргыла.

Жүдөгөн, самтыраган, чынжырларын шалдыраткан  туткундар королдун алдына тизилди.

—  Эмнеге соттолдуӊ? – король биринчи кылмышкерге суроо берди.

— О, улуу урматтуу король, эч күнөөм жок. Мени көчөдөн кармап келип эле камап салышты.

—  Сен кандай кылмыш кылдыӊ эле? – экинчисинен сурайт король.

— Эч кандай, — деп жооп берди туткун, көзүнүн жашын көлдөтүп, — үй-бүлөм менен тамактанып отурган жеримден сүйрөп келип  тиӊсеге байлап салышты.

—  А сенчи? — деп сурады үчүнчүсүнөн.

— Мени жөн эле камап салганын кудай көрүп турат. Тынч уктап жаткан жеримден түрмөгө алып келишкен.

Төртүнчү, бешинчи, онунчу, айтор, бардык туткундар актыгын далилдеп карганып жатышты.  Акырында ушул эле суроо менен акыркы туткунга кайрылды.

— Сиздин королдук улуу урматыӊызга, — деди  тигил адам, — жашырганда эмне, мен көп эле кылмыш кылдым. Уурулуктан баштап тонодум, өлтүрдүм…

— Оӊбогон шүмшүк! – король ачуусу менен кыйкыра баштады. — Кантип жакшы, чынчыл-таза адамдардын арасында отурганга дитиӊ барат. Мен королдун туткундарын бузганга мүмкүндүк бере койбосмун! Жоготкула муну тиӊседен, жолотпогула!

Аны чынжырдан бошотуп, түрмөдөн кууп чыкканга буйрук берди.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *