Бир кышта мужуктар шаарга барып соода кылмай болушат. Шаар деген бирок жакын эмес, эки күн жол жүрүш керек. Ошентип аяк-башы көрүнбөгөн тундрада кечке жол тартышып, күүгүмдө кайсы бир тааныш эмес кыштакка жетип, четки үйдүн ээси менен сүйлөшүп, ошондо өргүмөй болушту. Алар аттарын чанадан чыгарып жатып мындай деп өз ара сүйлөшө кетишти:

— Чаналарды шаар жакты каратып коёлу, болбосо эртең менен башка тарапты карай жөнөп кетип жүрбөйлүк.

Мужуктардын бул сөзүн кокусунан угуп калган бир тамашөкөй жигит алар үйгө кирери менен чаналарды келген жагын карай буруп салды.

Эртең менен эч нерседен капарсыз аттарын чанага чеккен мужуктар буйдалбастан жөнөп кетишти. Жолдору шыдыр кеткен алар кайсы бир кыштакты аралап баратканда арасынан бирөө шекшип башкаларына кайрылат:

— Жигиттер, бул кыштактан биз кечээ эле өткөндөй болбодук беле!

— Каяктан өтмөк элек, эми араң келип атсак. Жолдо кыштактан көп неме жок, баары окшош. Бул кыштактан өткөн эмеспиз!

Ошентип ат аябай жол жүрүп, түш оогондо өздөрүнүн кыштагына жакын айылдын көпүрөсүнө жеткенде баягы мужук кайра шекшинет:

— Жигиттер, бул көпүрөнү тааныбай турасыңарбы? Бул деген кошуна айылыбыздын көпүрөсү эмеспи!

— Баягыңды дагы баштадыңбы! Дүйнөдө көпүрөдөн көп неме жок, баары бири-бирине окшош. Айдагын Васька, муну укпа, шаарга аз калдык!

Андан ары жөнөшүп, акыры өзүлөрүнүн кыштагына кирип келишет. Баягы мужук кайрадан шекшинет:

— Ой бул биздин кыштак ко… Тээтигил үй Васьканыкы, аркысы меники! Үйгө келиптирбиз, жигиттер.

— Каяктагы сенин үйүң! Жолдогу кыштактар менен үйлөрдүн баары окшош. Айдагын Васька, шаарга аз калдык.

— Мобул дарыяда кир жууп аткан аял менин катыныма аябай окшош экен. Эмне, жолдогу аялдар да бири-бирине окшошпу?

— Эмне дүйнөдөгү катындардын баары окшош экенин билбейсиңби, айда Васька, шаарга аз калдык!

Бирок алардын бул бакылдашканын уккан алиги аял ошол эле жерден кыйкырыкты салбаспы:

— Ах кемчонтойлор! Өз айлыңарды тааныбай калдыңарбы? Кана алып келчү азык-түлүгүңөр? Берген акчанын баарын ичип салсаңар керек, оңбогон алкаштар!..

Ушинтип бул ирет шаарга жетпей калышты мужуктар.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)52
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки42
Кыска жана күлкүлүү жомоктор35
Акылдуу кыз жомок34
Карышкыр жана жети улак25
Акылдуу балдар24
Көмөч нан (колобок) жомок22
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *