Өнөрлүү бала (Кыргыз эл жомогу) 2

Илгери өткөн заманда бир кан болуптур. Ал кандын жалгыз кызы бар экен. Ал сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу болуптур. 

Күндөрдүн биринде кандын төрт тулпарын багып жүргөн абышканын жалгыз баласы, кандын жалгыз кызына ашык болот да: 

Ата, сен мага кандын кызын алып бер, деп атасына айтат. 

Иттин гана баласы! деп абышка баласына ачуусу келет. Мен киммин, кейпим бул болсо, сенин кейпиң алдагы болсо, кан кантип бизге кызын берет?! дейт. 

Бирок бала ага болбой атасын кыйнай берет. Абышка болсо баласына ачууланып, канча айтса да тиги укпайт. 

Бир күнү кан эшигинин алдында ары-бери басып жүрүп, абышканын баласына ачууланып жатканын угуп, абышканы өзүнө чакырып алып: 

«Сен балаңды эмнеге эле тилдеп жатасың?» деп сурайт. Абышка коркуп, сөз эмнеден болгонун айтпайт. Ага болобу, кан абышканы коркутуп жатып себебин айттырып алат. 

Андай болсо, дейт кан. 

Сенин балаң мага күн-түн дебей күйүп турган алтын чырак таап келип берсин, андан кийин мен кызымды балаңа беремин, дейт. 

Абышка үйүнө келет да, баласына кандын тапшырмасын айтат. Бала макул болуп, алтын чыракты таап келүүгө жол тартат. 

Бала чыракты издеп бир нече ай жол басат. Бир күнү түш ченде ээн талаада чарчап келип уктап кетет. Бир убакта чочуп ойгонуп кетип, ылдый жагын караса, кумдан оргуштап кичинекей булактын агып жатканын көрөт. Бала тура калып калпагы менен булактагы сууну башка жакка төгүп жатып, булакты соолтот. 

Андан кийин булактын түбүн караса, түбүндө күйүп алтын чырак турат. Бала түшүп барып алтын чыракты алат да, кайра бир нече ай жол басып келип, атасынан алтын чыракты канга берип жиберет. 

Кан алтын чырактын күн-түн дебей күйүп турганына ишенет да, абышкага: «Эми балаң элимде жок, жеримде жок өнөр үйрөнүп келсин!» дейт. 

Абышка кандын тапшырмасын айтып келди эле, бала угар менен өнөр издеп жол тартат. Ал нечен шаарды кыдырып, өз элинде жок өнөр таппайт. Ошентип бир топ жылды өткөрөт. 

Чарчап-чаалыгып да, аябай арып-ачып да бүтөт. Кайра үйүнө келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, бир жарды кемпирдикине отун-суусуна каралашып, оокат кылып жүрөт. 

Бир күнү түн ортосунда эшикке чыкса, бир жаман тамдын жанынан жылтылдап күйүп жаткан отту көрөт. Бала жүгүргөн бойдон жетип барат да, бул эмне болду экен деп акмалап турат. Бир киши акырын оттун ысыгына бутун салып күйгүзүп, күл кылып, кайра бут жасап, колун отко салып күйгүзүп, кайра кол жасап жаткандыгын көрөт да, кантип үйрөнүш керек деп карап тура берет. 

Бир убакта эшикти «шарак» эттирип ачып, үйдөн бир кыз чыгып келет да, баланы кармап алат. Сен кайдан жүргөн баласың? Бул шаарда сендей неме жок эле, чыныңды айт! деп кыйнай баштайт баланы. 

Бала айласы кетип, башынан өткөндүн баарын айтып берет. Андай болсо, сен биздикинде тургун. Тигил менин атам, анын андан да артык өнөрлөрү бар. Атам кээде ат болот, кээде канаттуу куш болот, кээде төө болот, кээде адам жей турган тамак болот. Мен сага ошол өнөрдүн баарын үйрөтөмүн. үйрөнүп болуп, анан үйүңө кетесиң, дейт кыз. 

Кыз балага атасынын бардык өнөрүн үйрөтөт. Бала кызга алкышын айтып коштошуп, баягы өзү жатып жүргөн кемпирдин үйүнө келет. 

Энеке, мен азыр чоң кара ат боломун, сен базарга алып барып саткын да, ошол акчага өзүңө оокат алгын, бирок менин башымдагы ноктону сатпа. Эгер аны сатсаң, менден ажырайсың, сатпасаң мен кайра келем, дейт кемпирге. 

Кемпир ага макул болуп, атты базарга алып барып, бир топ акчага сатат. Ноктосун шыпырып алып кайра жүрө берет. Ошентип жатып кемпир ашкан байлыкка ээ болот. 

Эне, дейт бала бир күнү кемпирге. Эртең шаарда чоң базар болот. Мен эртең чоң кара нар болоюн, сен мени базарга алып барып саткын, бирок ноктомду сатпа, эгер сатсаң менден айрыласың, дейт. 

Эртеси бала чоң кара нар болот. Аны базарга алып барат. Базарда кемпир бир топ киши менен соодалашып жатканда, баягы өнөрдүн ээси көрүп калат да, «бул менин өнөрүмдү үйрөнүп алган кандай неме» деп караса, баягы өзүнүн үйүндө жүргөн бала. 

«Ии, буга өнөрдү менин кызым үйрөткөн экен. Кой, муну сатып алып, үйгө алпарып, баланы балталап өлтүрөйүн», деп ойлоп: 

Ай кемпир, кара нарыңды мага сат. Мен көп теңге берем, деп сүйлөшө баштайт. 

Кемпир макул болот. Төөңдү ноктосу менен сат! Жалаң ноктоң үчүн беш жүз теңге берем! дейт абышка. 

Кемпир теңгеге кызыгып, нарды ноктосу менен сатып жиберип, үйүнө жүрө берет. 

Абышка кара нарды жетелеп алып келип, үйүнүн алдындагы мамыга байлап коёт. 

Аңгыча баягы өнөр үйрөткөн кыз, баланын эшикте кара нар болуп байланып турганын көрүп: «Кой, бул байкушту агытып жиберейин. Бул да бирөөнүн жалгызы эмеспи, эптеп күнүн көрсүн», деп баланы агытып жиберип: 

«Сен эми куш болуп сызган бойдон качып жөнө да, өз айлыңа жеткин», дейт. 

Абышка сыртка чыгып, баланын артынан бүркүт болуп кубалап жөнөйт. Бала менен абышка бири бүркүт, бири куш болуп куушуп жүрүп отуруп, кечки бешимде бала турган шаарга келишет. Бала зымырап учуп келип, дөбөдө отурган кандын жанына конуп калат. 

Абышка баланын артынан келет да, обочороок барып конот да, бирде кыргый, бирде каз, бирде өрдөк болуп кубулуп турат. Бир кезде бала таруу болуп, кандын төш чөнтөгүнө куюлуп кетет. Абышка чоң кызыл короз болуп, «эми тарууну терип жеп коёюн деп» кандын жанына келип жер чукуп турган кезде, бала кайра куш боло калат да, кызыл корозду басып өлтүрүп салат. 

Ал адам кейпине айланып өз үйүнө барат. Кан кечинде көргөн укмуштуу ишине таң калып, эртеси элин чогултуп: «Бул ишти ким билет? Мен ушул жашка келгенче бир канаттуунун кубулуп, экинчи канаттуу болгонун көргөн эмесмин. Бул кандай укмуш? Ушул ишти көргөн-билгендер болсо, айтып бергиле? дейт. 

Эл жымжырт болуп калат. Бир убакта баягы бала чыгып келип: Каным, уруксат бериңиз, ал ишти мен билем! дейт. 

Кан балага уруксат берет. Ошондо бала канга карап: Сиз мага менин элимде, менин жеримде жок өнөр үйрөнүп кел дегенсиз, ал эсиңизде болсо керек? Жанагы куш болуп корозду басып жеген мен болчумун! Менин үйрөнгөн өнөрүмдү ошол короз болуп кубулган адам да билчү. Бирок ал мага душман эле. Ошондуктан ал менин артымдан кууп келген. Бирок ал мени жей албай, мен аны жеп койдум. 

Душманымды өлтүрдүм, каным! дейт бала. Баланын айтканына элдин баары таң калышат. Ошол куш сен болсоң, анда азыр элге бир өнөрүңдү көрсөтчү? дейт кан балага ишене бербей. Бала макул болуп, дароо бир чоң аргымак болуп элдин ортосуна алчаңдап чыга калат. Кан менен эл баланын өнөрүнө ыраазы болушуп, кан болсо убадасы боюнча кызын берип, чоң той өткөргөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)52
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки39
Акылдуу кыз жомок34
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Карышкыр жана жети улак25
Акылдуу балдар24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20

Өнөрлүү бала (Кыргыз эл жомогу): 22 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *