«Жакшы адам ар дайым сөзүнө турат»

Илгери-илгери бир адам жашаптыр. Ал абдан кембагал экен. Жер кепесинен башка эч нерсеси жок экен. Кийимдерин болсо ар кай жерден тапкан терилерден эле тигип алат экен.

Бир күнү ал төө куштун жумурткасын таап алат. «Кечинде майрамдап, курсагымды бир тойгузат экенмин деп ойлонот. Тилекке каршы, ошол куну катуу шамал болуп жумуртканы бышырганга мумкунчулук болбой калат. Ал туну кембагал эптеп танды атырат. Эртеси эрте менен чычкан уулаганы кетет. Ал эми жумуртка тууралуу унутуп калат.

Ошентип кечке жегенге тамак табам деп жүрүп, кеч киргенин сезбей калат. Анан бир маалда үйүнө кайтып келет. Келип үйүн таптакыр тааныбай калат.

Ичине кирсе дасторкондо даяр тамактар жайнап, алардын жыты тим эле мурдунду жарат. Бурчта да түрдүү тамактар турат. Кембагал адам дагы эле көргөн көзүнө ишене албай босогодо тура берет. Анан кубанып кетип дасторконго отуруп тамактарды жей баштайт. Мына ушинтип ал түнү өзүнө-өзү майрам жарыялайт.

Эртеси эрте менен туруп кайра токойго кетет. Кечинде кайра келсе ошол эле көрүнүш. Ошентип үч-төрт күн өтөт. Дагы эле баягы сыйкырдуу көрүнүш кайталана берет. Анан ал акыры чыдабай: «Менин аялым болбосо буларды ким жасап жатат» деп кобуранат. Дал ошол учурда бурчтан:

— Булардын баарын мен жасап жатам,- деген үн угулат.

Кембагал адам үн чыккан бурчка караса, төө кушунун жумурткасынан бир пери кыз чыга келет да:

— Эгер кааласаң мен ушул жерде калып, сага кызмат кылайын. Сен эч нерседен кем болбойсун. Бирок менин төө кушунун жумурткасынан чыкканымды эч кимге айтпаганга сөз бер,- дейт.

Сүйүнгөн кембагал дароо эле сөз берип, кыздын калуусуна макул болот.

Эртеси күнү да баягыдай эле күн кайталанат. Кечинде кембагал сырттан келгенде кыз ага:

— Бай уруунун башчысы болгун келеби?- деп сурайт.

Кембагал шашакалактап:

— Албетте, ким каалабасын,- деп жооп берет.

Кыз эч нерсе айтпай сыртка чыгат да, колуна бир таякты алып туруп жерге бир урат. Анан кирип уктап калат.

Эртеси күнү кембагал кой-эчкилердин маараган, бодо малдардын жуушаган дабышынан ойгонот. Жаткан ордунан тура калып сыртка чуркап чыгып караса мандайында чон айыл турат… Мына кызык… Ал эми көөп адамдар болсо, ага сый көрсөтүп жатышат… Астынан ийилип салам берип өтүп жатышат… Өзүн караса жанагы жыртык-тыртык терилерден тигип кийген кийиминин ордуна сонун сүлкүлдөгөн тон жамынып туруптур.

Мына сага жыргал деп ушуну айт!.. Жанагы как жерде жаткан кембагал, эми жумшак жибектен токулган жууркандарда уктай баштайт. Өмүрү көрбөгөн тамактарды жейт. Ошентип жыргап жашап калат.

Бир күнү кембагал адам кызга:

— Эй төө куштун жумурткасынан чыккан кыз, келчи мага,- деп кыйкырат.

Албетте кембагалдын оюна эч кандай жаман нерсе деле келген эмес болчу. Ал жөн гана кыз менен сүйлөшөйүн деген эле.

Ошентип кембагал кызды күтүп жатып уктап кетет. Уктап жатып түндөсү денесинен бир нерсе өткөндөй болот.

Таң атып, кембагал адам чиренип уйкусунан ойгоно баштайт. Ойгонуп кетип караса эле какыраган как жерде жатат. Чуркаган бойдон сыртка чыкса чоң айылдын ордуна коркунучтуу калын токой пайда болуп калыптыр.

Кембагал адам мына ошондо гана төө кушунун жумуртка сынан чыккан кыз эмнеге жоголуп кеткенин түшүнгөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сөзгө туруу — Жакшылыктын периштеси: 7 комментарий

  1. Кембагал тоо куштун тукумунан чыккан кыз деп,элдерге угузуп кыйкыргандыгы учун го дейм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *