Бир болчу келген кечээбиз,
Билгизбей жанды нетебиз.
Керемет ушул өмүрдө,
Кездешпей кантип кетебиз.

Кайырма

Бир тааныш бойдон экөөбүз,
Билишпей кантип өтөбүз.
Көз тааныш бойдон экөөбүз,
Көрүшпөй кантип өтөбүз.

Сен келген кече шаң болуп,
Сезимге аткан таң болуп.
Жүрөкө бердиң жылуулук,
Жүз жылда келчү жан болуп.

Өзүңдөн сурайм жарыгым,
Өчүрбө жүрөк жалынын.
Күйсө бир күйсүн өрттөнүп,
Күтүүгө жетпейт сабырым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *