«Туура бассан жолунда, жакшылык конот башына»
Бир отунчу бир күнү эрте менен балтасын жоготуп алат. Үй-бүлөсүн ошол балта менен баккандыктан, анын жоголгонуна аябай кейип-кепчийт. Башка балта алганга акчасы да болбогондуктан ыйлап Кудайга:
— Кудайым ай! Балтам болбосо мен кантип үй-бүлөмдү багам? Бизди ач калтыра көрбө! — деп жалынып-жалбарып суранат.
Кудай отунчуга боору ооруп жанына адам кейпиндеги сулуу бир периштени жөнөтөт. Периште отунчуга келип акырын:
— Эмне издеп жатасың? Бир нерсенди жоготуп алдынбы? — деп сурайт.
Отунчу ыйлап, башына келген окуяны болгонун болгондой ага айтып берет. Буга периште күлүмсүрөп:
— Мындай жөнөкөй нерсеге чоң эле адам кантип ыйласын? Мен сага жоготкон балтандын ордуна мындан жакшысын берем, — дейт да, отунчуга алтын саптуу балта сунат.
Таң калган отунчу балтага көңүл коюп бир карап алат да, анан периштеге:
— Бул менин балтам эмес,- деп жооп берет.
Муну уккан периште ага күмүш саптуу балта берет.
Отунчу аны карап дагы:
— Мен мындайды каалабаймын. Өзүмдүн балтам керек мага — дейт ыйлактап.
Акыры периште отунчунун өзүнүн балтасына окшош балтаны берет. Мына ошондо гана отунчу аябай кубанып: Мына эми бул балта менин балтама окшош экен. Тиги экөөнүн кереги жок мага. Мага өзүмдүн эле балтам керек, — дептир.
Отунчунун мындай сыпаа мамилесине периште баа берип, тиги эки кымбат баалуу балталарды ага белекке бериптир. Отунчу бул белектерди чон кубаныч менен кабыл алган экен.