«Сырга бек, убадага так бол»

Илгери-илгери бир заманда бир айылда кембагал адам жашаптыр. Ушунчалык кембагал болгондуктан, кээде жегенге да эч нерсе таппай калган күндөрү да болчу экен.

Ушинтип өтүп жаткан күндөрдүн биринде, талаадан иштеп келе жатып, кырда ойноп жаткан пери кыздарын көрүп калат. Аларга салам бергиси келип, бирок батына албай, акыры ойлонуп отуруп:

— Кубанычынарга кубаныч кошулсун! — деген тилекти айтат.

Пери кыздары болсо:

-Сенин ун кабыңан ун кемибесин! — деп тилек айтышат.

Мындай тилекке кембагал адам аябай сүйүнөт. Себеби, үйдөгү уну түгөнүп, бул күнү нан жапканга уну калбай калган эле, кембагал үйүнө келип, аялына нан бышыруусун айтат. Аялы:

— Үйдө ун жок болсо, кайсыл нанды бышырам — дейт.

Анда кембагал адам аялына:

— Сен барып ун кабын карачы — дейт.

Анан аялы барып, ун турган капты карайт. Көргөн көзүнө ишене албай, аябай тан калат. Каптын түбү кечээ бош калган болсо, азыр бир нече күнгө жете тургандай ун пайда болуп калыптыр. Аялы ундун каяктан, кантип келип калгандыгын абышкасынан сурайт. Бирок күйөөсү айтпай коёт. Себеби, пери кыздар кедей адамдан бул сырды эч кимге айтпашын суранышкан эле. Аялы аябай сурагандыктан, кембагал адам чыдай албай, болгонун болгондой айтып салат. Мына ошол маалда каптагы ун таптакыр жок болуп калат.

Чынында ар бир адамдын сыры болот. Мына ушул айтылбай турган сырды эч качан бирөөгө айтпашыбыз керек. Эгер айта турган болсок, мына ушундай кедейлик абалга түшүп калышыбыз мүмкүн.

Ошентип, кембагал адам сырды аялына айтып салгандыгы үчүн такыр уну жок калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок34
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Сыр сактоо — Айылдык кембагалдын ун кабы”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *