ТҮЛКҮ ӨЗҮН ӨЗҮ АЛДАГАНЫ

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Мындай окуя болду. Бир дыйкан жашаптыр, анын жакшы бакчасы бар экен. Эмгектенип, сонун түшүм өстүрдү. Бирок балээ болуп, жок жерден башына кайгы түштү. Түн кирсе болду, бир түлкү бакчага келет, бышкан коон-дарбыздарды кемирет, быша электерин жарып, а түгүл түбү менен жулуп да салат.

Дыйкан түлкүнү кармайм деп эмне гана кылбады, бирок куу түлкү карматпады. Ороо казып коюп, үстүн бутак, чөп-чар менен жаап коюп түшүрө албады,  камырга уу салып койсо ага да тийген жок, жыттап көрүп жемек тургай айланып өттү.

Такыр тажаганда көптү көргөн бир карыя ага капкан салып көр деп кеӊеш берди. Дыйкан анын айтканын аткарып, аябай даярданды. Капканды орнотуп, аны топуракка жашырып туруп үстүнө бир кесим эт салып койду. Ал түнү да түлкү коон-дарбыз жегени келди. Өтүп баратып этти көрө койду. Жаӊы союлган майлуу эт. Акырын жакындап, жыттап да көрдү. Жытын айт, мурдуӊду жарат, чыдатпай баратат. Бирок  бул жерде бир балакет болушу мүмкүн экенин куу түлкү унутпады. Акырын келип куйругу менен этти шыпырып алайын дегенде капкан шарт жабылып, түлкүнүн куйругун кыпчып калды. Түлкү куйругун бошотом деп кандай айла жасабады. Күн чыкканга чейин жулунуп эси ооду, жатып калды.

Эртеӊ менен дыйкан капкандагы түлкүгө айтат дейт:

— Эй, түлкү мырзайым! Кантип ушунча куулугуӊдун пайдасы тийбей, капканга түшүп калгансыӊ?

Түлкү ага жооп берет:

— Мен капканга түшкөн жокмун, көрбөй турасыӊбы, кокустан куйругум түшүп калды. Мен эле болсом капканга түшпөй калайын!

Ушинтип түлкү өзүн алдап, дыйканга сөзүнөн алдырган жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.