ТӨРТ ДОС

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Аюу, карышкыр, түлкү жана каман дос болушту. Дайыма бирге жүрүп, олжону бирге табалы деп чечишти.

– Тапкандарыбызды тең бөлүшөбүз, – дейт карышкыр.

Бир күнү кечке токойду кыдырып эч нерсе таба алышпай ачка отурушту. Чарчаган каман уктап калды. Түлкү тигилерге шыбырайт:

– Азыр каманды жеп алалы.

– Кантип жейбиз, ал биздин досубуз эмеспи! – дейт аюу.

– Кантип жей алабыз, карачы, азуулары кандай! – дейт карышкыр.

– Коркпо карышкыр, – дейт түлкү, – биз аны менен алышпайбыз. Биз анын өзүн макул кылып, анан жейбиз. Аны алдайбыз. Азыр баарыбыз ачкабыз, каманды ойготобуз да тамак жөнүндө кеп кыла баштайбыз. Мен айтам: «Азыр бирөөбүздү жейли да ага акысына күзүндө бирден бука берели. Макулсуңарбы?». Силер баарыңар: «Макулбуз!» деп жооп бергиле. Мен айтам: «Мени жегиле». Карышкыр, сен айт: «Түлкүгө ким тоймок эле? Арык, ирбийип, кичинекей да! Андан көрө мени жегиле». Сен аюу, карышкырга каршы сүйлө: «Сенден деле жыргабайбыз, сенин этиң катуу, тарамыштай. Мени жесеңер баарыңардан чоңмун». Анда мен айтам: «Ооба, аюу сен чоңсуң, бирок саксайып жүнүң көп, сөөгүңдү да кемире албайбыз. Балким каман аны сойгонго макул болор, күзүндө үч бука алса жаман болбос?»

Ушинтип сүйлөшүп алып каманды ойготушту. Түлкү ойлогондой баарын айтышты. Кабан угуп туруп ойлонуп калды. Анан айтат:

– Эгер чын эле күзүндө үч бука берсеңер, алдап кетпесеңер, мен макул болоюн, жегиле мени.

Тигилер заматта каманды жара тартышты, аюу жиликтей баштады. Өпкөсү жерге түшүп кетти, карышкыр илип ала коюп минтип айтты:

– Муну сууга жууп келе салайын. – Сууга жүгүрүп барып өпкөнү жеп алды. Жутуп жиберип кайта келди.

– Өпкө кайда? – деп сурайт аюу.

– Сууга агызып жибердим, кармай албай калдым, – дейт карышкыр.

– Бекем кармабайсыңбы! – дейт аюу, – бул баарыбыздыкы да.

Аңгыча боору да түшүп кетет. Карышкыр дагы да  илип ала коёт:

– Жууш керек, боор да булганып калды, – сууга жүгүрөт.

– Катуурак карма, – артынан аюу кыйкырып калды. – Мен да ооз тиейин!

Боорду да жутуп жиберип карышкыр кайра келди.

– Боор кайда? – кыйкырат аюу.

– Сууга агып кетти, – дейт карышкыр.

– Калп айтасың, сен жеп алдың! – аюу тура калды, – мен сага калп айтканды көрсөтөм.

Карышкыр токойго кире качты, аюу артынан жүгүрдү. Кууп жетип бир чапты, экөө алыша кетти. Түлкү камандын этин ары алып барып жерге көмдү да, билгизбей куйругу менен тегиздеп койду – деле байкалбайт. Тиги экөө кармашып чарчады, табышып алып кайра келишти.

– Эт кана? – дейт аюу.

– Каман кайда? – дейт карышкыр.

– Каман кетип калды, –  дейт түлкү.

– Кантип кетти?! Кайда кетти?!

– Ушинтип эле кетти. Туруп, терисине оронуп алды да: «Ушундай калпычылар, биринен-бири эт уурдаган каракчылар, эмитен талашып  кырылышып жатат, күзүндө мага бука эмес, буканын куйругун да беришпейт. Эптеп өпкө-боору жок жан багармын. Аюу менен карышкырды тааныгым да келбейт», – деп түкүрдү да басып кетти. Мына, ушинтти.

Аюу менен карышкыр бири-бирине карады. Түлкү туура айтты: калпычы менен каракчылар. Эмне демексиң! Жаланып коюп токойго кирип, ар тарапка кетип калышты. Куу түлкү жыргап каманды жалгыз жеп жата берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.