Илгери таранчы менен түлкү жакшы достордон болуптур. Түлкү кайда чуркаса таранчы да ошол жакка уччу экен.

Таранчы менен түлкү 2

— Таранчы дос,- деп кайрылыптыр түлкү бир күнү. — Кел экөөбүз буудайды чогуу айдайбыз.

— Мейли, айдаса айдайлы,- макул болду таранчы.

Ошентип экөөнүн аракети менен буудай айдалып, өсүп, бышып-жетилип, орула турган кези келди. Ошондо түлкүнүн жалкоосу кармап, куулугуна салып таранчыны алдамай болду.

— Таранчы дос, сен эгинди оро бер, мен тиги тоого чыгып асманды көтөрүп турайын, болбосо ал түшүп кетип, бүт эгинибизди басып калат.

— Баргын, Түкө,- деп буга макул болгон таранчы баш көтөрбөй эгин оруп кирди. Түлкү болсо тоого чыгып, асманга карай алдыңкы эки бутун көтөрүп, аны тиремиш болуп калды. Ошентип күндөр өтүп, тынбай иштеген таранчы эгинди оруп бүтүп, кырманга ташып жеткирип түлкүгө кайрылды:

— Түкө дос, кел эгинибизди бастырып, саман-топонунан данын бөлүп алалы.

— Сен бастыра бер, мен баралбайм. Анткени колумду ылдый түшүрсөм эле асман түшүп кетип, эгинибизге кошуп экөөбүздү тең басып калчудай болуп турат.

Таранчы эгинди бастырып, саман-топонунан бөлүп, шамалга сапырып, кызылын тоодой кылып үйүп, анан түлкүгө кайрылды:

— Түкө кел, түшүмүбүздү бөлүшөлү?

— Баратам!- кыйкырып тоодон түшүп келген түлкү таранчыга мындай деди: — Таранчы дос, биз экөөбүз тең жакшы эмгек кылдык, бирок эсептей келгенде сага караганда мен эки-үч эсе көп иштедим. Анткени асманды колумдан түшүрбөй көтөрүп турдум, сен болсо иштеп, эс ала калып аттың.

Анын үстүнө менин көлөмүм да чоң, жашым да сенден улуу. Ошон үчүн данды бешке бөлүп, анын төрт бөлүгүн мен, бир бөлүгүн сен алсаң туура болот,- деп чоңдугу менен өкүм-зордукка салды да, таранчыга аз-маз буудай берип кубалап жиберди.

Таранчы досуна болгон таарынычын ичке жутуп, капаланып учуп келатса жолдон тааныш дөбөт жолугуп калып сурады:

— Эмнеге кападарсың, таранчы курдаш?

Таранчы болгонун болгондой айтып берди эле, дөбөттүн жини келип:

— Ал куу түлкүнүн шиши толгон экен, мени ага жолуктурчу!

Таранчы дөбөттү түлкүгө ээрчитип келсе, ал буудайын кырманга үйүп коюп бир жакка кетиптир. Аны качырып жибербестин амалын кылган дөбөт үймөк буудайга көмүлүп жатып алды.

Бир кезде түлкү кайтып келип, каптарга буудайларын сала баштаганда дөбөттүн кулагы көрүнө түштү. Аны түлкү жей турган бирдеме экен деп баса калганда, дөбөт секирип келип алкымдан алып өлтүрүп салыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *